Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июнь 2020
03
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Ошто дзюдо мыктылары аныкталды
Башкалар20-ноябрь 2019-жыл, среда. 18:10

Ошто дзюдо мыктылары аныкталды

16- 17 ноябрда Ошто өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча алгачкы жолу республикалык турнир өттү. Биринчиликке өлкөнүн 7 дубанынан 300дөй спортчу катышып, жеңүүчүлөргө баалуу белектер, диплом жана медалдар ыйгарылды. Чемпионаттын максаты жана келечеги туурасында “Ерем” спорттук комплексинин жетекчиси Руслан Матраимов буларга токтолду:

“Дзюдо боюнча биринчиликти өткөрүү менен жеткинчектер арасында мыктыларды аныктап, аларга шык берүүнү көздөйбүз. Ош шаарында алгач ирет уюштурулуп жаткан чемпионатка келген катышуучулардын саны албетте кубандырбай койбойт. Мындан улам бул чемпионатты ар жылы өткөрүп турмай болдук.

Дзюдо - спорттун олимпиадалык түрү. “Ерем” комплекси олимпиадалык спорт түрлөрүнө басым жасагандыктан, буга чейин гимнастика боюнча республикалык деңгээлде чемпионат өткөргөнбүз. Алдыда бокс, күрөш, грэпплинг сыяктуу боюнча биринчилик өткөрүп, келечек муунга татыктуу тарбия берүүнү көздөп турабыз.

"Матраимов Исмаил" кайрымдуулук фонду спорттун улуттук түрлөрүн да колдойт. Фонд айрыкча ат спортуна көбүрөөк көңүл бурат. Бул багытта алдыда көп пландар бар.

 “Ерем” спорттук комплекси 2016-жылы ачылып, командалык жана жеке спорт түрлөрүнөн түрдүү спорттук иш-чараларды өткөрүп келет. Жалпыга маалым болгондой, “Еремдин” алдында футбол, волейбол клубдары бар. Биз таптаган спортчулар дзюдо, гимнастика, бокс боюнча Азия, Европа биринчилигинде байгелүү орундарды багынтып жатышат. Баса белгилеп кетчү нерсе, "Матраимов Исмаил" фонду ар жылы 9-май Жеңиш күнүнө жана 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата футбол, волейбол боюнча эл аралык турнир өткөрүп келет. Ошондой эле, фонд социалдык маселелерди чечүүдө, коомдогу колу жука үй-бүлөлөргө медицина, билим берүү жагынан колдоо көрсөтүп келет.

Илимбек Аттокуров - " Ерем" спорт комплексинин дзюдо боюнча башкы машыктыруучусу:

“Бул турнирге дзюдо боюнча эки жолку олимпиада чемпиону Масато Утисибанын конок болуп келиши – бул турнирдин өзгөчөлүгү болду десем жаңылышпайм. Утисиба мырза конок эле эмес, өспүрүмдөргө үлгү-сабак өтүүгө да үлгүрдү. Негизи, чоңдорго караганда өспүрүмдөр арасында өткөн спорттук мелдештер кыйла кызыктуу болот. 7 дубан жана башка шаарлардан келген спортчуларды татыктуу баалап, байгелер тапшырылды. Учурдан пайдаланып спорттук демилгени колдоп берген фондго жана Руслан Матраимовду ыраазычылык билдирем.