Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
БААУнун волейбол турнири
Волейбол19-ноябрь 2019-жыл, вторник. 14:37

БААУнун волейбол турнири

Мурунку жекшемби күнү Борбордук Азиядагы Америка университетинде волейбол турнири өттү. Анда 7 команда эки топко бөлүнүп таймашты. Биринчи топко – “Мурас”, Unity жана Nexagon командалары кирсе, экинчи тайпада төрт команда: “С огнём в глазах”, All stars, “1.70 в прыжке” жана Fresh Team командалары ойноду. Финалга эки топтоп экиден команда озуп чыкты.

Турнирде Fresh Team жана Unity командалары жакшы жыйынтык көрсөтө алышты. Fresh Team жалаң биринчи курстун студенттеринен куралса, Unity командасын NGA факультети түзгөн. Эки команда дагы күжүрмөндүгүн көрсөтө алышты, бирок финалга чыгууга жетишээрлик упай топтой алышкан жок.

Ал эми All stars жана “Мурас” командалары финалга чыгып, биринчилик үчүн беттешти. All stars турнирдин биринчилигин жеңип алды. “Мурас” командасы болсо экинчи, Nexagon үчүнчү орунда калды.

Эркектер арасында Мурат Тойжидинов мыкты оюнчу аталса, кыздар арасында Мелике Саре жана Салтанат Капарова өзгөчөлөндү.

Турнирде жакшы көрсөткүчкө жетишкендер университеттин курама командасына тандалып алынат. Курама команда 2020-жылдын март айында өтүүчү универсиада оюндарына даярдыктарын баштайт.