Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2019
06
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Талас облусунун командасы 3-орунду ээледи
Улуттук түрлөрү21-сентябрь 2019-жыл, суббота. 11:04

Талас облусунун командасы 3-орунду ээледи

Жалпы 11:2 эсебинде Талас жеңишти багындырды. Алгачкы эсеп санын Астаркул Табышев ачып берди. Оюндун 10-мүнөтүндө Нуржан Мелисбек уулу экинчи салымын салууга жетишти. Биринчи таймда 5:0 эсебинде Талас курамасы алдыда. Экинчи таймдын алгачкы мүнөттөрү, алтынчы салым Эрлан Төрөбеков тарабынан болду. 11-мүнөттө Кушчубай Илим уулу сегизинчи салымды салды. Оюндун чечүүчү бөлүгүндө Талас курама командасынын тогузунчу улагын атаандашынын тайказанына киргизди. Оюндун орто ченинде Бишкек командасы биринчи упайын алды. Кийинки мүнөттө да бир улак салып эсеп санын кыскартты. Эрлан Төрөбеков жана Кушчубай Илим уулу эки улак салып командага 2 упай алып келди. 11:2  эсебинде Талас облусу 3-орунду камсыздаса, Бишкек курама командасы 4-орунга ээ болду.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги