Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
15
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
 Чүй облусунун командасы финалда!
Улуттук түрлөрү20-сентябрь 2019-жыл, пятница. 12:00

Чүй облусунун командасы финалда!

Талас шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча мелдеште финалга чыкчу бир команда аныкталды. Биринчи оюнда майдан талаасына Талас облусунун командасы менен Чүй курамасы кезикти. Оюндун биринчи бөлүгүндө Чүй командасы Сейитбек Анарбек уулу жана Кубаныч Султан уулу эки  гол киргизди. Экинчи таймда да Чүйдүн улакчылары эки улак сала алышты. Ал эми Талас курамасынан Майрамбек Рыспеков эсепти кыскартты кийин Нуржан Мелисбек уулу да бир улак салды. Чечүүчү таймда Султан уулу Кубанычтын салымы менен оюн жыйынтыкталды. 5:2 эсебинде Чүй облусу финалга чыкты.