Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
WEF 89 Global 15: Кыргызстан рекорд койду!
Бокс/MMA16-сентябрь 2019-жыл, понедельник. 12:28

WEF 89 Global 15: Кыргызстан рекорд койду!

Мындай мелдештин көрөрмандары да стадиондо арбын болду. Мушкерлерге 5 салмактык категорияда Федерация тарабынан курлар коюлуп, бешөө тең кыргызстандыктардын пайдасына чечилди. ВЕФ кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышевдин айтымында спорттук иш-чараны адилеттүү өтүүсү үчүн Россиядан көз карандысыз калыс чакырылган. Жалпы 57, 61, 66, 70, 71, 84, 93+ кг салмактык категориялардан 22 беттеште бир гана 84 кг салмакта Актилек Жумабек уулу жеңилүү ызаасын тартып калды.

Москвадагы "Ак барс" спорт клубунун мушкери 93+ кг салмакта жеңүүчү аталган Жыргалбек Чомонов буларга токтолду.

- Чынында көптөгөн беттештерди уткам, бирок бүгүнкүдөй толкунданган эмесмин. Анткени өз элиңдеги миңдеген мекендештердин колдоосу жана сүрү башкача экен. Буга кошумча биз ойлогон жыйынтыктын болушу да абдан кубанычтуу болду. Баса белгилеп айткым келет, спорт сүйүүчүлөрүбүздүн маданияты өзгөчө кубантты. Ар бир катышуучуну колдоп, сүрөөнү баарыбызга дем берди.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

57 кг: Пазылов Мырзамидин, Аскарбеков Нурболот

61 кг: Эркебай уулу Айжигит, Ибраимов Рыскул, Иминжанов Тынчтыкбек

66 кг: Коргонбай уулу Эламан, Усенов Бакберген, Абдылда уулу Бекболот, Абдыкааров Алимардан

70 кг: Абакир уулу Бекдөөлөт

71 кг: Келдебай уулу Жоомарт, Абдураимов Шахмурат, Жумабаев Данияр, Дүйшөбай уулу Чыңгыз, Урматбек уулу Полотбек, Туратбек уулу Кубаныч, Көлбаев Данияр

77кг: Эргешов Дархан

93+: Өмүрзаков Бексултан, Чомонов Жыргалбек, Жолдошев Бабамурат.

Алардын арасында чемпиондук кур тагынгандар:

Мырзамидин Пазылов, Алмардан Абдыкааров, Жолдошев Бабамурат, Чомонов Жыргалбек жана Абдылда уулу Бекболот.