Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугу-2015: 3 спортчубуз жарым финалга чыкты, Федосеев жеңилүү ызасын тартты
Башкалар30-октябрь 2015-жыл, пятница. 02:14

Кикбокс боюнча дүйнө чемпиондугу-2015: 3 спортчубуз жарым финалга чыкты, Федосеев жеңилүү ызасын тартты

Эске салсак, Дүйнө чемпиондугу 26-октябрдан 1-ноябрга чейин өтүп, ага эркектер арасында 493, кыз-келиндер арасында 176 спортчу айым катышууда. Чемпиондук үчүн айыгышкан күрөш жүрүп жатканы түшүнүктүү. Башкы машыктыруучу Александр Воинов баштаган кыргыз делегациясынын курамында 15 спортчу, анын ичинде 1 айым кикбоксчу бар. Алар К1, лоу-кик жана кик-лайт түрлөрү боюнча чемпиондук үчүн ат салышууда. 30-октябрга карата мелдеште жарым финалчылар аныкталып отурат. Тилекке каршы бул баскычка 3 гана мушкерибиз жетип келди. Алар - Авазбек Аманбеков, Рустам Ибрагимов жана Уланбек Касымбеков. Алсак, 57 килограмм салмак категориясында лоу-кик түрү боюнча таймашып жаткан Авазбек алгач 1/8 финалда украиналык Михайло Хордиевди нокаут менен жеңип алды. Чейрек финалда азербайжандык Руслан Мусаевден өттү. Жарым финалда казакстандык Бауржан Кудайбергенов менен беттешет.

Рустам Ибрагимов болсо (К1, 60) 1/16 финалда хорватиялык Мухамед Дескайды женип, чейрек финалда беларустук Жианис Целицадан ашып түштү. Эми аны жарым финалда  оор беттеш күтүп турат. Анткени ал финалдык жолдомо үчүн үй ээси сербиялык Седад Буквич менен күч сынашат.

 Үчүнчу жарым финалчыбыз Уланбек Касымбеков (лоу-кик, 54) күрөштү 1/8 финалдан баштады. Италиялык Иван Чиоллону жеңген келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчубузга жарым финалда мавританиялык Болак Фабриз каршы чыгат.

"ТОП.kg" гезитинин тандоосу боюнча "2014-жылдын мыкты кикбоксчусу" аталган Алексей Федосеев (К1, 63) ийгилик жарата албады. 1/8 финалда бразилиялык Талис Виллаш-Боашты уткан мекендешибиз чейрек финалда венгриялык Хабаш Антониге жеңилүүгө аргасыз болду. Ал эми калган спортчуларыбыз атаандаштарына жеңилип, мелдешти мөөнөтүнөн мурда жайынтыкташты.

Сербияга аттанган курам:

Муса Паншаров (лоу-кик, 51 килограмм салмак категориясында)
Мирбек Сүйүмбаев (лоу-кик, 60)  
Эрик Воинов (лоу-кик, 63)  
Адилет Бекжан уулу (лоу-кик, 71)  
Куан Абдыраимов (лоу-кик, 91)
Айсулуу Эркинбек кызы (лоу-кик, 52)
Курманбек Мурзураимов (К1, 57)
Мирлан Ибраимов (К1, 67)
Сыргак Төрөбай уулу (К1, 71)
Асхат Акмырзаев (кик-лайт, 79)  
Расул Султанкул уулу (кик-лайт, 94).