Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Бишкекте “Кыргыз тулпарлары” көргөзмөсү өтөт
Улуттук түрлөрү29-октябрь 2015-жыл, четверг. 23:13

Бишкекте “Кыргыз тулпарлары” көргөзмөсү өтөт

Иш-чара кыргыз маданиятын, улуттук оюндарды жайылтуу максатында уюштурулат. 5-6-ноябрь күндөрү “Кыргыз тулпарлары” деген аталышта кыргыз жеринде тапталган аттардын көргөзмөсү болот.

7-ноябрда болсо “Тайтору чабышы” деген аталышта ат чабыш орун алат. Анда ат чабыштын 8 түрүнөн жеңүүчүлөр аныкталып, байгеге 4 автоунаа жана 500 миң сом коюлат.

Уюштуруучулар кабарлашкандай, ат чабыштын төмөнкү түрлөрүнөн жеңүүчүлөр аныкталмакчы:  

1. Англиялык асыл тукумдагы аргымактар жарышы (2800 метр аралыкка)

2. Тай чабыш (4 миң метр аралыкка)

3. Кунан жорго (4 миң метр)

4. Кунан чабыш (11 миң метр)

5. Бышты жорго (4 миң метр)

6. Топ байге (15 400 метр)

7. Жорго салыш (11 миң метр)

8. Тайтору чабышы (31 миң метр)