Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Көптөн күтүлгөн мелдештер-2019
Башкалар19-август 2019-жыл, понедельник. 16:20

Көптөн күтүлгөн мелдештер-2019

Төмөндө 5 командалык спорт түрү боюнча күтүлүп жаткан ири мелдештерди эске салмакчыбыз.

Самурайлар менен Чыңгыз хандын урпактарына каршы
Же футбол эмес эле укмуштуудай тасманын сценарийи

 

Алгач эле аяк оонанын 5инде футбол боюнча 2022-жылы Катарда өтчү мундиалдын тандап алуу оюндарына старт берилет. Эң биринчи болуп дал биздин континент кызуу күрөштү баштап берет. Чүчү кулактын негизинде бир тандап алуу тайпада Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма менен күч сынашарыбыз маалым болгон. Самурайлар чеберчилиги жагынан фаворит болуп турса, коңшу тажик туугандар жана Чыңгызхандын түздөн-түз урпактары болгон монголдор менен да оңой болбосу анык. Тажиктер менен эми Борбор Азия дербиси болсо, монголдор менен улак тартышып да койсок болчудай. Буга чейинки тандоодо тажиктерди артта калтырганыбыз аларга өзгөчө реваншистик маанай тартуулап жатат десек аша чапкандык болбос. Ал эми Мьянма менен оюн кайрадан нейтралдуу талаага көчүрүлүп, футбол ышкыбоздору 1 оюндан куру калбаса экен. Анан дагы белгилей кетчү нерсе, учурда улуттук курама командабызда муун алмашуу процесси да жүрүп жатат. Бул өз кезегинде кандай натыйжаларга алып келери футбол коомчулугуна маалым. Эмнеси болсо да ата мекендик футбол күйөрмандары сентябрь айын – чоң футбол майрамынын башталышын арзыгып күтүп жатышат.

Талашка Ташкент чекит коёбу?

 

Ооба көк бөрүдө “казак мыктыбы же кыргызбы?” деген суроого жооп коп жылдар бою табылбай келет. Кудай буюрса Ташкентте, башкача айтканда, нейтралдуу аймакта кыргыз-казак тиреши акыры мыктыны аныктап берчүдөй. Мында башкы суроо – бул пландаштырылган Азия чемпионатынын ишке ашуусу болуп турат. Анктени акыркы мезгилде көк бөрүдө спорттук таймашка караганда саясат менен интригалар көп болуп жатканын моюнга алыш керек...

Жаңы муундун балбандары өз сөздөрүн айта алабы?

 

14-22-сентябрь күндөрү Нур-Султанда спорттун күрөш түрлөрү боюнча кезектеги Дүйнө чемпионаты өтөт. Анда Токио-2020 Олимпиадасына да жолдомолор ойнотулат. Чынында аталган дүйнөлүк мелдештин алдында курамы жаңыланган ата мекендик курама командабыздан үмүт чоң. Аларга байгелүү орундарга илинип, 4 жылдыктын башкы иш-чарасына жодомо гана албастан, күн чыгыш өлкөсүндө да татыктуу күрөш көргөзүп, кыргыздын атын даңазалайт деп ишенебиз.

Дүйнө чемпионатынан медалсыз кайтпаган самбо чеберлер

 

Ал эми самбо чеберлерибизге коз тийбесин. Мына акыркы мезгилде алар Дүйнө чемпионатынан медалсыз кайтып келишпейт. Бул ирет жылдын мелдеши 8-10-ноябрь күндөрү Сеулда орун алат. Ага чейин самбочуларыбыз дагы бир нече Эл аралык мелдештерге катышып, күчтөрүн сынап көрүшмөкчү.

Волейболчулар алдыңкы орундарга умтулушууда

 

Соңку мезгилде Эл аралык аренада жакшы бир деңгээлге көтөрүлүп алган волейболчуларыбыз да дүйнөлүк ири мелдештерге такай катышып, тажрыйбаларын арттырышууда. Азия чемпионатынын Борбордук зонасынын биринчилиги 19-24-август күндөрү Катмандуда өтмөкчү. Байгелүү орундар үчүн күрөштө бизге Непал, Ооганстан, Бангладеш, Мальдив аралдары, Түркмөнстан жана Өзбекстан каршы турмакчы. Ата мекендик волейболчуларыбызга ийгилик каалайбыз!