Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Динара Орозбаева Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды
Башкалар05-июль 2019-жыл, пятница. 09:41

Динара Орозбаева Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды

Алардын арасында Sports Awards спорттук долбоорунун автору Динара Орозбаева Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы, жогорку кесипкөйлүгү, ошондой эле жигердүү коомдук ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков тапшырды. Куттуктоо сөзүн сүйлөгөн Төрага ар бир сыйлык ээсине ыраазычылык билдирди. “Өлкөдөгү тиешелүү тармактардын өнүгүшүнө көрсөткөн көмөгүңүздөр өтө баалуу. Биз сиздердин тажрыйбаңыздарга жана эмгегиңиздерге таазим этебиз. Мындан ары да зор аракет менен жаңы бийиктиктерди багынта берериңиздерге ишенебиз. Анткени бардыгыбыз өлкөбүздүн өнүгүшүнө, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө кызыкдарбыз”,- деп баса белгиледи Д. Жумабеков.

Белгилей кетсек, ата мекендик спорт адамдарына дем-күч берген “Sports Awards” иш-чарасы 2014-жылы Динара Орозбаева тарабынан түптөлгөн. 5 жыл ичинде жүздөгөн спортчулар менен спорт адистеринин эмгектери бааланып, татыктуу сыйлыктарына ээ болушту. Саамалык жыл сайын спорт коомчулугунда көптөн күтүлгөн иш-чаралардын бири катары бааланып, жаңы жылды утурлай кышында өткөрүлүп келет.

Topsport.kg`нин жамааты жетекчибиз Динара Орозбаеваны сыйлык алуусу менен чын жүрөктөн куттуктайт! Кыргыз спортуна кызмат кылып, анын өнүгүшүнө салым кошуп жүрө бериңиз!