Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
АРСТАН ЖОЛДОШЕВ: “СПОРТ ОРДО” МЕНЕН УЛУТТУК ЖАНА ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫН ӨНҮКТҮРӨБҮЗ"
Башкалар26-апрель 2019-жыл, пятница. 11:38

АРСТАН ЖОЛДОШЕВ: “СПОРТ ОРДО” МЕНЕН УЛУТТУК ЖАНА ОЛИМПИАДА ОЮНДАРЫН ӨНҮКТҮРӨБҮЗ"

-         Арстанбек Далибаевич, саламатсызбы. Ош облусунун спорт жана жаштар иштери боюнча башкармалыгын февраль айынан бери жетектеп келе жатасыз. Буга чейин өкмөттө жооптуу кызматтарды аркалап, спорт, социалдык маселелер багытында иштеп келгенсиз. Спорт тармагын жетектөөгө эмне түрткү болду?

-         Жаштарды эле эмес, жалпы эле калктын дени сак болуусу үчүн спорт абдан керек. Бул жарандардын чагымчыл чакырыктарга азгырылып кетүүсүнөн алыстатат. Мисалы, диний агымдар билинбей отуруп жайылып жатат, смартфон илдети бар. Интернеттин ачык болушу, маалыматтын жеткиликтүүлүгү дагы көп туура эмес иштерге азгырып кетиши толук мүмкүн. Улуттун дени сак болгондо гана, келечеги жаркын болот. Ошондуктан, спортту өнүктүрүү актуалдуу болуп турат. Ар кандай ооруну дарылагандан көрө алдын алган жакшы да. Спорт бул жагынан дагы абдан пайдалуу.

-         Бул тармакта жумушту эмнеден баштадыңыз?

-         Кадр саясатына олуттуу карап жатам. Профилдик билими жок машыктыруучуларды жумуштан алууга аргасызмын. Себеби, замандын талабы ушундай. Аймактарды кыдырып, спорт тармагында иштеп жаткандардын билим деңгээлин текшерип, календардык планды тыкыр аткаруу жана спорт демөөрчүлөрүн тыгыз кызматташууга үндөп жатабыз. Спортту өнүктүрүүдө ишкерлердин колдоосу абдан маанилүү. Учурда, 7 миңден ашык спортчу бар деп катталган. Сандан сапатка өтүү мезгили келди. Спорттун олимпиадалык түрлөрүн өнүктүрүүгө басым жасайбыз.

-         Бул тармакка кандай жаңылык киргизе аласыз?

-         Стратегиялык пландар даяр экен. Эми аны ишке ашыруу керек. Учурда “Спорт ордо” аталышындагы республикалык улуттук жана олимпиадалык биринчилик өткөрүүгө аракет кылып жатабыз. Мамлекеттик спорт агенттигине кат жибердик. Ал жактан колдоо болуп калса, бул иш-чара жыл сайын ар кайсыл облуста өтө турган болот. Муну менен спорттун көп түрлөрүн өнүктүрүп, унутта калган улуттук оюндарды жандандырабыз деген илгери үмүт бар.

-         Башкармалыктын кеңсеси жок болуп, көчүп иштөөгө мажбур болуп жатасыздар...

-         Облустун башкы имаратын түптөө алдыңкы пландардын бири. Албетте,жогорку жактын кийлигишүүсү менен жакынкы жылдары ишке ашат. Буга чейин шаардык стадиондун кеңсесинде ижарага турчубуз. Азыркы ордубузду да 3 жылга келишим менен ижарага алдык.

-         Буга чейин кандай кызматтарда иштедиңиз эле?

-         2011- жылы Шарк айылынын айыл өкмөтү болуп дайындалгам. Спорт, маданият, социалдык маселелерден башка орчундуу аткарган ишим: кыргыз-өзбек элинин ынтымагын бекемдөөгө салым кошо алдым. 2012- жылы Шарк айыл өкмөтүндө жашаган кыргыз, өзбек, түрк улутунун өкүлдөрүнө миң калпак кийгизип, 5-мартта жөө жүрүшкө чыкканбыз. Өкмөттү 5 млн. сом менен ишти баштап, алты жыл аралыгында 40 млн. чейин көтөрдүк. Анын ичинде, 50 орундуу бала бакча, стадион, аянтчаларды капиталдык ремонттон өткөрүп, Баткендеги чек ара заставасына 0,5 млн. сомго мончо куруп бердик. Мындан сырткары, жолдорго асфальт төшөп, жарыктандыруу иштери аткарылды.

-         Үй-бүлөңүз тууралуу кеп сала кетсеңиз?

-         Жети бир туугандын кичүүсүмүн. Беш балам бар. Улуу балам студент, Москва шаарында билим алып жатат. Ошондой эле, бокс, сууда сүзүү, футболду жакшы ойнойт. Өзүм да 4-класстан баштап бокс, каратэ, күрөштөргө катышып бир жеңип, бир жеңилип эле жүрчүмүн (күлүп).