Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Март 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Сүйүнчү! Стадион куруу боюнча инвесторлор үн катты
Футбол27-февраль 2019-жыл, среда. 14:22

Сүйүнчү! Стадион куруу боюнча инвесторлор үн катты

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттикке Бишкек шаарында ФИФАнын талаптарына ылайык заманбап стадион курууга кызыкдар ишкерлер жана компаниялардан 5 сунуш келип түштү. Алар менен эми аз күндө атайын жолугушуу уюштурулуп, бардык тийиштүү маселелер талкууланаары маалым болду. Эгер бул долбоор ишке ашып калса, анда кыргыз футболунун гана эмес, жалпы спортунун өнүгүшүнө чоң түрткү болуп, борборубуздун инфраструктурасынын жакшырышына да алып келмек.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 15-февралында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча Мамлекеттик агенттик заманбап стадион куруу боюнча инвесторлорго кайрылуу жасаган эле. Мына минтип 10 күндөн кийин каалоочулар чыгып отурат. Демек кыргыз футболуна кайдигер эмес инсандар бар тура.

Кошумчалай кетсек, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков (Спартак) атындагы стадион 1941-жылы курулуп, учурда эскилиги жеткен. Ал 17 минден ашуун көрүүчүгө ылайыкташкан.