Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Март 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Вице-спикер Куршабдагы стадионду оңдоого чакырды
Футбол21-февраль 2019-жыл, четверг. 00:21

Вице-спикер Куршабдагы стадионду оңдоого чакырды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун-басары Аида Касымалиева Куршабдын “Алдиер” футбол клубу жана анын “Борбордук” стадиону тууралуу Фэйсбуктагы баракчасына билдирүү калтырган. Анда команда шарты жок, абалы мышык ыйлагыдай болсо да, кыйынчылыкка моюн сунбай, ийгилик жаратып келаткандыгы айтылат. “Алдиер" клубунун футболчусу быйыл Азия Кубогу үчүн мелдеште ойноду. Стадионду оңдоо үчүн каражатты аябоо керек. Бул инвестиция. Мындан да чоң ийгиликтер ошондо гана жаралат, буга баарыбыз быйыл Азия Кубогу үчүн мелдеште күбө болбодукпу. Курама команданын жеңиши кадимкидей бизди бириктирип, дем берди го! Ошондуктан мен Өкмөткө, жеке ишкерлерге, Эл аралык өнөктөштөргө Куршабда жайгашкан стадионду оңдоого каражат бөлүп берүүгө кайрылам. Жардам бериңиздер, даяр долбоор бар. Биз курулай сөз менен колдоо аркылуу жеңишке жетише албайбыз, реалдуу кадамдар керек”,- жазат Аида айым.

Белгилей кетсек, “Алдиер” футбол командасы 2014үнчү жана 2016-жылдары Кыргызстандын Жогорку Лигасында ойногон. Түштүк аймагы боюнча Биринчи лигада бир нече жолу жеңүүчү болгон. Быйыл Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Азия Кубогунда кыргыздын намысын талашкан 23 футболчунун бири Адыл Абдурахманов чоң футболго кадамын дал ошол Куршабдагы стадиондо “Алдиердин” курамында баштаган. Учурда Куршабда футбол Айбек Сулайманов аттуу машыктыруучу менен Алтынбек Ташиев аттуу футболго кайдигер карабаган инсан, учурда айыл өкмөттү жетектеп келаткан Алтынбек Ташиевдердин жеке аракеттееринин негизинде жашап келет.