Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Март 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Дүйнө чемпионатына мыкты үчилтик аттанды
Башкалар19-февраль 2019-жыл, вторник. 01:27

Дүйнө чемпионатына мыкты үчилтик аттанды

25-февралдан 3-мартка чейин Ханты-Мансыйск шаарында өтчү бильярд боюнча Дүйнө чемпионатына кыргызстандык 3 спортчу катышат. Алар – Дастан Лепшаков, Ызатбек Ратбеков жана Канат Сыдыков. Мелдеш бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча өтүп, ага КМШ, Прибалтика жана Азиянын башка бир катар өлкөлөрүнөн бильярдчылар катышат. Мелдештин байге фонду 2 миллион 100 миң рублди түзүп, 1-орунга 600 миң, 2-орунга 300 миң жана 3-орунга 150 миң рубль акчалай сыйлык каралган.

Белгилей кетсек, Дүйнө чемпионатына Канат Сыдыков менен Ызат Ратбеков атайын тандоодон өтүшсө, Дастан Лепшаков акыркы жылдардагы бийик жетишкендиктеринин негизинде жогорку рейтингдин ээси катары жолдомого ээ болду. Аталган спортчулар менен Башкы машыктыруучу Күмүшбек Дүйшөбаевдин Дүйнө чемпионатына катышуусу олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Дирекция тарабынан каржыланып, 239 миң сом бөлүндү.