Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кубанычбек Айбек уулу Европа Кубогунда 2-орунду ээледи
Башкалар18-февраль 2019-жыл, понедельник. 13:14

Кубанычбек Айбек уулу Европа Кубогунда 2-орунду ээледи

Жаштар арасында Европа Кубогу 16-17-февралда Санкт-Петербург шаарында болуп өттү. Ага 14 өлкөдөн 242 жаш дзюдочулар катышкан. Кыргызстандан барган 9 спортчунун ичинен Кубанычбек Айбек уулу намыска жарап, 60 кг салмакта күмүш медаль жеңип алды. Ал финалга карай Дмитрий Курдюмов (Орусия), Дэвид Клайбер (Австрия), Илья Зайцев (Беларусь) жана Малик Кармовдорду (Орусия) жер караткан. Тилекке каршы чемпиондук үчүн чечүүчү кармашта үй ээси Хетаг Басаевден жеңилүү ызасын тартып калган.