Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун Эл аралык мелдеши өтөт
Бокс/MMA15-февраль 2019-жыл, пятница. 11:59

Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун Эл аралык мелдеши өтөт

Маалыматка ылайык, салтка айланган мелдеш 20-24-февраль күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Быйыл саамалык 42-ирет уюштурулуп, ага Россия, Белоруссия, Таиланд, Монголия, Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандын спорт чеберлеринин катышуусу күтүлүүдө. Иш-чараны уюштурууну спорттун олипиадалык түрлөрү боюнча Дирекция менен КРнын Бокс федерациясы колго алып, аны өткөрүүгө 1 миллион 732 миң сом каралган. Мушкерлер төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Эркектер – 46-52 кг, 57 кг, 63 кг, 69 кг, 75 кг, 81 кг, 91 кг, +91 кг.

Кыз-келиндер – 45-49 кг, 57 кг, 64 кг, 69 кг, 75 кг.

Бокс сүйүүчүлөрдүн баарын мелдешке чакырабыз. Кирүү акысыз!