Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Дүйнө Кубогунан 2 медаль
Башкалар14-февраль 2019-жыл, четверг. 16:49

Дүйнө Кубогунан 2 медаль

Белгилүү болгондой, Эл аралык мелдеш Дубай шаарында 9-12-февраль күндөрү өткөн. Ага 39 мамлекеттен 200дөн ашуун ден-соолугунун мүмкүнчүлүгу чектелген спортчулар катышкан. Кыргызстандан барган 4 спортчунун экөөсү ийгиликке жеткен. Алсак, 107 кг салмакта Жыргалбек Оросбаев 206 кг штанганы багынтып, күмүш медаль тагынды. Ал эми Азизбек Замирбек уулу (54 кг салмакта) коло медалга илинген. Тилекке каршы Максат Аргымбаев менен Адилет Камчыбековдор байгелүү орундарга жетпей калышкан.

Кошумчалай кетсек, буга чейин 2 жыл катары менен аталган мелдеште Эсен калиев байгелүү орундарды ээлеп, кыргыз туусун бийик желбиреткен.