Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Жеңил атлетика боюнча Өлкө чемпионаты өтөт
Башкалар13-февраль 2019-жыл, среда. 16:29

Жеңил атлетика боюнча Өлкө чемпионаты өтөт

Республикалык мелдеш 14-15-февралда Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде өтөт. Иш-чаранын максаты – курама командага талапкерлерди тандоо. Мелдеште эркектер жана кыз-келиндер чуркоо, узундукка жана бийиктикке секирүү, ядро улактыруу боюнча таймашышат. Каалоочулардын баарын мелдешке чакырабыз.

Белгилей кетсек, жеңил атлетика акыркы мезгилде өлкөбүздө кеңири жайылып жаткан спорт түрлөрүнүн бири болуп саналат. Анын жаркын өкүлү жөө күлүк Дарья Маслова былтыр Азия оюндарында чемпион жана вице-чемпиондукту жеңип алган.