Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Жаныбек Бейшебек кыргыз туусун желбиретүүдөн баш тартууда
Башкалар09-февраль 2019-жыл, суббота. 21:33

Жаныбек Бейшебек кыргыз туусун желбиретүүдөн баш тартууда

Белгилүү спортчу Жаныбек Бейшебек уулу өзү туулуп-өскөн Ысык-Көлдүн аткаминерлери менен жеке ишкерлерине нааразычылыгын билдирип, Инстаграмдагы баракчасына мындай пост жазды:

Жакында Таиландда кезектеги Дүйнө чемпионаты өтөт. Анда кыргызымдын намысын талашып, жеңиш менен келем деген ниетте катуу даярданып жатам. Бирок акыркы мезгилде чемпионатка баргым келбей калды. Анткени үмүтсүздүктөн тажадым. Мына канча жыл болду жердеш байкелерим, чиновниктер “мына жардам беребиз, ана колдойбуз” деп атып, убакыт өтүп жатат. Мен буга чейин Таиландда 2 жыл жүрүп, жеңүү мүмкүн болгон турнирлердин баарын уттум. Мени трайбализмде айыптабагыла, бирок эгер менин ордумда башка таластык же оштук спортчу болсо, анда укмуштуудай бааланып, үй-жай жана машина белекке алып, ар тараптан камсыздалмак. Көлдүк байкелер эмнеге андай эмес? Же Көлдөн дайым эле дүйнөлүк чемпион чыгып атты беле? Эмне себептен башкаларга окшоп татыктуу иниңерди баалап, колдоп албайсыңар? Айланамды карасам жаратарлык деле эмес жеңиши үчүн машина, үйлөрдү алып жаткан спортчу досторум жүрөт. Аттарын айтпай эле коеюн. Ошолорду көрүп просто обидно да. Мына эртең кайра эле чемпионатка барып, жеңип же байгелүү орунга илинип келсем, абал өзгөрбөйт. Баары мурдагыдай эле бойдон калат. Мисалы былтыр Чолпон-Атада кикбокс боюнча Азия чемпионаты өттү. Ошол эле мелдеште Ош менен Таластан балдар байгелүү орундарды алып, өз үйлөрүнө барышты эле аларды калпактарды кийгизип, шаан-шөкөт менен тосуп алышты. А мен чет өлкөдөн чемпиондук курумду көтөрүп алып келсем, эч кандай көңүл буруу жок. Үйгө жол тосуп кетем. Бул жерде кеп белекте деле эмес, а жөн гана баалоо жана көңүл бурууда. Эх айтор эмгегиң бааланбаса жаман экен... Көлдүк байкелер, аткаминерлер, бизнесмендер аман эле болгула!..