Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Февраль 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Алыш күрөшү боюнча Өлкө чемпионаты өтөт
Улуттук түрлөрү07-февраль 2019-жыл, четверг. 23:29

Алыш күрөшү боюнча Өлкө чемпионаты өтөт

Маалыматка ылайык, республикалык мелдеш эркектер жана аялдар арасында “Алыш” бел боо күрөшүнүн эркин жана классикалык стилинде 10-11-февраль күндөрү Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтөт. Ага өлкөбүздүн бардык облустарынан жана Бишкек менен Ош шаарларынан 300гө жакын балбандардын катышуусу күтүлүүдө.

Чемпионат 18 жана андан жогорку жаштагы спортчулардын арасында төмөнкү салмактар чегинде өтөт: 
– Эркектер (эркин жана классикалык стилде): 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 100 кг, +100 кг;
– Кыз-келиндер (эркин жана классикалык стилде): 55 кг, 60 кг, 65 кг, 70 кг, 75 кг, +75 кг.

Байгелүү орундарды ээлеген спортчулар медаль жана дипломдор менен сыйланышат. 
Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө “Алыш” бел боо күрөшү боюнча “Спорт чебери” наамы ыйгарылат. Мелдештин уюштуруучулары Спорттун улуттук түрлөрү боюнча Дирекциясы жана “Алыш” бел боо Улуттук федерациясы. Иш-чараны уюштурууга Дирекциядан 204 миң сом каралган.