Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Февраль 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Самбо боюнча Виталий Гордеевдин мелдеши
Башкалар07-февраль 2019-жыл, четверг. 23:26

Самбо боюнча Виталий Гордеевдин мелдеши

Маалыматка ылайык, мелдеш 8-9-февраль күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтмөкчү. Белгилей кетсек, саамалык быйыл 32-ирет өтүп, ага ата мекендик самбо чеберелеринен тышкары коңшу Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан да спортчулар катышат. Спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча жалпысынан 9 салмак категорияларынан 18 комплект медаль ойнотулат.

Виталий Гордеев тууралуу маалымат бере кетсек, ал самбо боюнча өспүрүмдөр арасында СССРдин вице-чемпиону болуп, бир катар Эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган. СССРдин курама командасына кирген. Тилекке каршы Саланг шаары үчүн кармаштарда баатырларча курман болуп, Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.