Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Элмурза Сатыбалдиев – Мыкты меценат
Волейбол22-январь 2019-жыл, вторник. 22:49

Элмурза Сатыбалдиев – Мыкты меценат

Элмурза Сатыбалдиев 19-январда сыйлык тапшыруу салтанатына ден-соолугуна байланыштуу келе албагандыктан, ага сыйлык 20-январда кыз-келиндер арасында волейбол боюнча Кыргызстандын кезектеги чемпионатынын ачылышында тапшырылды. Сыйлыкты Sports Awards`дун түптөөчүсү Динара Орозбаева жана КРнын Улуттук олимпиада комитетинин өкүлү Адилет Баяман уулу тапшырышты.

Белгилей кетсек, Элмурза Ракиевич аталган Федерацияны 10 жылдан бери жетектеп, ар тараптуу колдоо көргөзүп келет. Анын жетекчилиги астында акыркы жылдары кыргыз волейболу өнүгүү жолуна түшүп, жакшы саамалыктар орун алып келаткандыгы сыр эмес. Дал ошол себептерден улам Sports Awards салтанатынын уюштуруучулары Элмурза мырзага “Мыкты меценат” наамын тапшыруу чечимин кабыл алды. Кыргыз спортуна ак кызмат кылганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз, Элмурза Ракиевич!