Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Январь 2019
21
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
НТС жана НТС Спорт – Sports Awards-2018дин Башкы маалыматтык өнөктөшү
Башкалар30-декабрь 2018-жыл, . 19:41

НТС жана НТС Спорт – Sports Awards-2018дин Башкы маалыматтык өнөктөшү

Келишимге ылайык, НТС жана НТС Спорт телеканалдары Кыргызстандагы жылдын башкы спорттук окуясынын Башкы маалыматтык өнөктөшү болду. Эми спортчуларды сыйлоо салтанатынын номинанттары жана аларды тандоо, ошондой эле күтүлүп жаткан сыйлоо кечесинин өзгөчөлүктөрү тууралуу маалыматтарды НТС жана НТС Спорт телеканалдарынан көрүп, биле аласыздар. Аталган телеканалдар 19-январда Бишкекте өтчү иш-чараны тартып, ата мекендик телекөрармандарга толугу менен чагылдырып бермекчи. Ал эми Жаңы жылдын алгачкы күндөрүнөн тарта иш-чара тууралуу атайын берүүлөр бериле баштайт.

Белгилей кетсек, Topsport.kg редакциясы 2014-жылдан бери Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо салтанатын уюштуруп келет. 2017-жылдан тарта саамалык КРнын Улуттук олимпиадалык комитетинин колдоосу менен ишке ашырылууда.