Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Март 2019
20
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Грэпплинг боюнча Өлкө чемпионаты: Эл аралык даражадагы калыстар семинар өткөрүштү
Башкалар24-декабрь 2018-жыл, понедельник. 00:47

Грэпплинг боюнча Өлкө чемпионаты: Эл аралык даражадагы калыстар семинар өткөрүштү

Иш-чара 2 күнгө созулуп, борбор калаанын Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан “Газпром” ден-соолукту чыңдоо комплексинде өтмөкчү. Уюштуруу комитетинен билдиришкендей, чемпионатты тейлөөгө Орусиядан 4 Эл аралык даражадагы UWW калыстары атайын чакырылды. Роман Гавриков, Алексей Тихоглазов, Аркадий Никитенко жана Виктор Хаецкийлер мелдештин алдында жергиликтүү калыстар жана машыктыруучуларга семинар өткөрүштү.

Белгилей кетсек, бул Өлкө чемпионатынын 2-этабы болуп саналат. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Ошто өткөн биринчи этабында өлкөбүздүн түштүк аймактарынын спортчулары өз күчтөрүн сынашкан эле. Таймаштар грэпплингдин Ги (Кимоночон) жана Но Ги (Кимоносуз) версиялары боюнча жаштар (18-19) жана чоңдор (20-35) арасында жүргүзүлөт. Тандоодон ийгиликтүү өтө алган спортчулар жакында Катарда өтчү Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугуна ээ болушат. КРнын Грэпплинг UWW Федерациясы грэпплинг сүйүүчүлөрүнүн баарын аталган мелдешке чакырат! Башталышы 10:00дө!