Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Добуш берүүнүн эрежеси өзгөрдү!
Башкалар20-декабрь 2018-жыл, четверг. 22:36

Добуш берүүнүн эрежеси өзгөрдү!

Эртең, 21-декабрдан тарта Элсом аркылуу добуш берүү токтотулуп, талапкерлерди тандоо topsport.kg сайтында жана анын Facebook (Topsport.kg) менен Instagram`дагы (topsport_official) расмий баракчаларында өткөрүлөт. Аталган социалдык түйүндөрдө добуштарды сүрөткө комментарий калтырып берсеңиздер болот. Аягында сайттагы добуштар менен Фэйсбук менен Инстаграмдагы комментарийлер кошулуп, жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат.

Белгилей кетсек, мыктыларды аныктоо 2 баскычтан турат. Интернет-сурамжылоодо 30 упай ойнотулуп, 1-орун үчүн 15, 2-орунга 10 жана 3-орунга 5 упай каралган. Мындан тышкары ар бир номинация боюнча өзүнчө 5 кишиден турган Эксперттик комиссия чогулуп, алардын ар бири талапкерлерди 1ден 3-орунга чейин жайгаштырат. Мында 1-орунга 6, 2-орунга 4 жана 3-орунга 2 упай берилет. Ошентип 5 эксперт талапкерлерди баалап бүткөн соң, Интернет-сурамжылоо менен Эксперттик комиссиянын упайлары кошулуп, жеңүүчү аныкталат. Баарыңыздарды мыктыларды аныктоого активдүү катышууга чакырабыз!

P.S. Элсом аркылуу добуш бергендер каражаттарыңарды 0 (770) 11-08-85 телефону аркылуу байланышып, кайра алсаңыздар болот.