Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Sports Awards-2018: Номинанттар бекитилди – добуш берүү старт алды!
Башкалар17-декабрь 2018-жыл, понедельник. 01:57

Sports Awards-2018: Номинанттар бекитилди – добуш берүү старт алды!

V мааракелик иш-чара 2019-жылдын 19-январына белгиленди. Уюштуруу комитети тарабынан бир гана номинациядан тышкары баары бекитилип, мыкты үчилтиктер да добуш берүүгө коюлду. Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча “Мыкты спортчу айым” номинациясынын талапкерлери аптанын аягына чейин бекитилет. Белглией кетсек, салтанаттын программасы бир топ кеңейип, төмөнкүдөй сүрөттөлүшкө ээ болду:

УЛУТТУК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ

1. Мыкты спортчу

Эсен Кудайбердиев (Алыш):  III БДКОнун жеңүүчүсү

Күмүшбек Кыдыралиев (Эр эңиш): III БДКОнун жеңүүчүсү, Нооруз, Жеңиш күнү жана Ч. Айтматовдун мелдешинин чемпиону

Сырттан Сыргак уулу (Тогуз коргоол): III БДКОнун жеңүүчүсү, Азия чемпионаты менен Интеллектуалдык оюндардын дүйнөлүк Олимпиадасынын күмүш медалчысы.

2. Мыкты спортчу айым

Айзада Бактыбекова (Тогуз коргоол): III БДКОнун коло медалчысы, Ч. Айтматовдун Эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү

Нурзат Бактыяр кызы (Алыш): III БДКОнун жана Б. Эркинбаевдин Эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү

Назик Бурганакова (Ат чабыш): III БДКОнун жеңүүчүсү, Тайтору Кубогунун ээси

3. Мыкты машыктыруучу

Туратбек Тойчубеков (Кыргыз күрөш)

Мирбек Карабаев (Алыш)

Нурия Султанмуратова (Тогуз коргоол)

4. Мыкты улакчы

Сейитбек Анарбек уулу (“Ынтымак”): БДКО-2018дин чемпиону, Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин жеңүүчүсү, Жеңиш күнүндө 2-орун.

Нуржан Мелисбек уулу (“Ынтымак”): БДКО-2018дин чемпиону, Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин жеңүүчүсү, Жеңиш күнүндө 2-орун. Талас облусунун курамында КРнын чемпионатынын коло медалчысы

Кубаныч Султан уулу (“Сары-Өзөн”): БДКО-2018дин жеңүүчүсү, Чүй облусунун курамында Кыргызстандын чемпиону жана Чемпионаттын “Мыкты оюнчусу”

5. Мыкты саяпкер

Жеңишбек Батыркулов:

Кунан чабыш: Нооруз жана Жеңиш күнү 1-орун, БДКО-2018де 2-орун, Астананын 20 жылдык мелдешинде 2-орун
Жорго салыш: БДКО-2018де 2-орун, Ч. Айтматовдун мелдеши 1-орун.
Ат чабыш: Ноорузда 2-орун, Жеңиш күнүндө 3-орун, Ч.Айтматовдо 1-орун, Астананын 20 жылдыгында 2-орун, БДКО-2018де 2-орун
Тай чабыш: Ч. Айтматовдо 1-орун.

Керим Омуралиев:

Кунан чабыш: Бишкектин 140 жылдыгында, Курман Айтта жана БДКО-2018де 1-орун 
Ат чабыш: Бишкектин 140 жылдыгында, Курман Айтта жана Сагымбай Орозбаковдун мелдешинде 1-орун, Бишкектин 14- жылдыгында 2, 3 жана 4 жашка чейинки аргымактар арасында 1-орун, Алматыда Эл аралык мелдеште 1-орун.

Мыктыбек Токтосунов:

Жорго салыш: Нооруз, Асанбек Ата Кубогу, Эгемендик күнү жана БДКО-2018де 1-орун, Бишкектин 140 жылдыгы жана Сагынбай Орозбаковдун мелдешинде 2-орун.

6. Мыкты ат

Ахиллес

Байтору

Бойка

Вулкан

ОЛИМПИАДАЛЫК СПОРТ ТҮРЛӨРҮ

7. Мыкты спортчу

Иззат Артыков (Тяжелая атлетика): Жакарта-2018 Азия оюндарында 3-орун

Азат Усеналиев (Бокс): Жакарта-2018 Азия оюндарында 3-орун

Артур Тё (Дзюдо): Жакарта-2018 Азия оюндарында 3-орун

8. Мыкты спортчу айым

Бекитилүүдө...

9. Мыкты машыктыруучу

Татьяна Борисова (Жеңил атлетика)

Нурбек Изабеков (Кыз-келиндер күрөшү)

Азат Эркимбаев (Грек-рим күрөшү)

10. Грек-рим күрөшү боюнча мыкты балбан

Эрбол Бакиров: Жаштар арасында Дүйнө чемпиону

Акжол Махмудов: Жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын коло медалчысы, Азия чемпиону жана Жакарта-2018 Азия оюндарынын вице-чемпиону

Жоламан Шаршенбеков: Дүйнө жана Азия чемпионатында 2-орун

11. Командалык спорт түрлөрү боюнча мыкты спортчу

Кайрат Жыргалбек уулу (Футбол): “Дордойдун” курамында Кыргызстандын чемпиону жана Кубогунун ээси

Нурмухаммед Токтоев (Волейбол): “Хириландхоонун” курамында Тха аралынын (Мальдивские аралдары) чемпиону, Кыргызстандын курамында Борбордук Зонада Азия чемпионатынын коло медалчысы, Жакарта-2018 Азия оюндарынын катышуучусу

Шакиржан Куранбаев (Баскетбол): Кыргызстандын курамында Азия жана Дүйнө чемпионатынын катышуучсу, Бишкектин курамында Астанада өткөн FIBA Asia Quest Эл аралык мелдешинде 6-орун

Эрназар Исаматов (Хоккей): “Дордойдун” курамында КРнын чемпиону, 20 жашка чейинкилер арасында Азиянын Чакырык Кубогунун күмүш медалчысы жана “Мыкты коргоочусу”

ОЛИМПИАДАЛЫК ЭМЕС СПОРТ ТҮРЛӨРҮ

12. Мыкты спортчу

Өткүр Асхат уулу (Армрестлинг): Дүйнө чемпионатында 1инчи жана 2-орун, Азия чемпионатында 2-орун

Дайыр Карыяев (Күжүрмөн самбо): Дүйнө чемпионатында 2-орун, Казакстандын Президентинин кубогунда 1-орун

Торохан Багынбай уулу (Жиу-житсу): Жакарта-2018 Азия оюндарында 1-орун

13. Мыкты машыктыруучу

Артур Сон (Самбо)

Каныбек Бикбоев (Пенчак Силат)

Каныбек Эсенгелдиев (Армрестлинг)

14. Мыкты ММА мушкери

Кубаныч Абдисалам уулу  

Канат Келдибеков  

Тилек Жээнбеков  

15. Мыкты ТВ долбоор

“Бийиктикти багынткандар” (НТС спорт)

“Стимул” (КТРК Спорт)

“Спорт Микс” (НБТ)

“Спорт мейкиндиги” (New ТВ)

“Спорт Life” (СТВ)

“100 пудов” (Youtube)

16. Мыкты спорттук баяндамачы

Азирет Абдраимов (КТРК Спорт, орус тилдүү баяндамачы)

Эркин Абдуллаев (НТС Спорт, кыргыз тилдүү баяндамачы)

Азирет Туратбеков (НТС Спорт, орус тилдүү баяндамачы)

Зыярат Эсенбай (КТРК Спорт, кыргыз тилдүү баяндамачы)

17. Мыкты федерация

Алыш

Ат чабыш

ВЕФ

Волейбол

Дзюдо

Грэпплинг UWW

Көк бөрү

Күрөш

Самбо

Шахмат

Жогорудагылардан тышкары кийинки номинациялар боюнча да мыктылар аныкталат:

-  Мурат Саралинов атындагы 2 сыйлык 1000 доллар өлчөмүндөгү акчалай байгеси менен;
- Иш-чаранын егиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы;
- Мыкты меценат;
- Мыкты спорт журналисти.  

Белгилей кетчү нерсе, Sports Awards-2018дин алкагында мыктылар 2 жол менен аныкталат: Жалпы элдик добуш берүүнүн жана Эксперттик комиссиянын баалоосунун негизинде. Жалпы элдик добуш берүү 21-декабрда старт алып, 2019-жылдын 14-январына чейин уланат.