Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Динара Орозбаева: "Sports Awards салтанатына Александр Карелинди чакырдык"
Башкалар27-октябрь 2015-жыл, вторник. 21:11

Динара Орозбаева: "Sports Awards салтанатына Александр Карелинди чакырдык"

Динара Орозбаеванын айтымында, ал 3 жолку Олимпиада чемпиону, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Александр Карелин менен 20-октябрда Новосибирскиде өткөн "Спорт Евразия мейкиндигинде: интеграциялоо мүмкүнчүлүктөрү" деген темадагы Эл аралык форумдун алкагында жолугушуу өткөргөн. "Эл аралык форумдун алкагында Александр Александрович менен жолугуп, ага Бишкекте декабрда өтчү "Sports Awards" салтанатына чакыруу кагазын берип, салтанаттын ардактуу коногу болуп кетиңиз деп расмий чакырдым. Бишкекке келерим менен анын жардамчысы байланышка чыгып, биз уюштуруп жаткан салтанаттын мөөнөтүн жана тартибин сурады. Ошондой эле ал Александр Карелин Бишкекке барууну планына киргизгенин маалымдады. Карелинден тышкары Новосибирскиге барган орусиялык олимпиада чемпиондорун да Бишкекке чакырдык. Андыктан Россиядан чоң делегацияны күтүп жатабыз. Бул тууралуу айрым маселелер такталган соң алдыда дагы кабарлайбыз",- деди Динара айым.

Кошумчалай кетсек, "ТОП.kg" гезитинин тандоосу боюнча Кыргызстандын мыкты спортчуларын сыйлоо "Sports Awards" салтанаты быйыл 26-декабрга пландаштырылган.