Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2018
14
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Бишкекте грэпплинг боюнча Өлкө чемпионатынын 2-этабы өтөт
Башкалар04-декабрь 2018-жыл, вторник. 14:07

Бишкекте грэпплинг боюнча Өлкө чемпионатынын 2-этабы өтөт

Маалыматка ылайык, КРнын Грэпплинг UWW федерациясы өлкөбүздүн түндүк аймагындагы грэпплинг сүйүүчүлөрүнүн арасында мелдеш өткөрөт. Иш-чара 24-25-декабрда Бишкектин Арча-бешик жаңы конушунда жайгашкан “Газпром” ден-соолукту чыңдоо комплексинде болмокчу. Белгилей кетсек, бул Өлкө чемпионатынын 2-этабы болуп саналат. Таймаштар грэпплингдин Ги (Кимоночон) жана Но Ги (Кимоносуз) версиялары боюнча жаштар (18-19) жана чоңдор (20-35) арасында жүргүзүлөт. Тандоодон ийгиликтүү өтө алган спортчулар жакында Катарда өтчү Дүйнө чемпиондугуна катышуу укугуна ээ болушат. КРнын Грэпплинг UWW Федерациясы катышууну каалагандардын баарын аталган мелдешке чакырат!

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 22-23-ноябрында гэпплинг боюнча Өлкө чемпиондугунун 1-этабы Ошто өтүп, ага Кыргызстандын түштүк аймактарындагы грэпплинг сүйүүчүлөрү катышкан.