Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Декабрь 2018
14
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Өзгөндө заманбап ат майданы курулат
Улуттук түрлөрү21-ноябрь 2018-жыл, среда. 00:18

Өзгөндө заманбап ат майданы курулат

Анын айтымында, ат майдан куруу демилгеси эл тарабынан сунушталган. Анткени буга чейин Өзгөндө ат майдандын жоктугунан улуттук оюндар ошол эле көк бөрү тартууда жергиликтүү элдин эгин талаасында ойношуп, бир топ чыгымга учурап, нааразычылыктар жаралган. “Мындай демилге бизге райондун жашоочулары тарабынан сунушталып, Улуттук оюндарды жайылтып, спортту көтөрүү максатында шарт түзүп берели деп колдоого алдык. Баарыбызга маалым, районубуз таланттуу улакчыларга бай. Ат майдан Кемпирбад суу сактагычынын жанына салынат. Бүгүнкү күндө суу сактагычтын айланасын таштандыдан тазалоо иштери жүрүп жатат. Каражат маселесин Өзгөн шаары, 19 айыл өкмөтү жана дүйнөнүн туш тарабындагы мигранттарга колдоо сурап кат жолдоп чечилгени турат. Ат майдан 15 миң кишиге ылайыкташып, заманбап спорттук курулуш болот. Курулуш иштеринин жалпы суммасы болжол менен 5 миллион сомду чапчыды. 2019- жылы жазда куруу иштери башталып , 31-августКыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө пайдалууга берилет деп пландаштырып атабыз”,- дейт Болот мырза.

Ошондой эле 1-2-декабрь күндөрү Кемпир-Абад суу сактагычынын жанында "Аймактарды өнүктүрүү жылын утурлай" улуттук спортту жайылтуу максатында көк бөрү, күрөш, эр эңиш боюнча Өзгөндөгү айыл өкмөттөр арасында мелдеш өткөрүлөрү маалым болду.