түрүн тандаңыз →

Каныбек Осмоналиевдин мелдешине чакырабыз!
Мамлекеттик Дене тарбия жана спорт комитетинин Басма-сөз кызматы билдиргендей, мелдешке Борбор Азия менен жакынкы жана алыскы чет элдик мамлекеттердин делегацияларына кошо өлкөбүздүн бардык облустарынан куралган курама командалар да катышат. Таймаш эркектер жана кыз-келиндер арасында өтүп, жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланат. Ошондой эле Синклердин системасы боюнча мелдештин “Мыкты спортчусу” аныкталып, ага баалуу белек тапшырылат.
Айыгышкан күрөш төмөнкү салмак категорияларда өтмөкчү:
Эркектер арасында: 55, 61, 67, 73, 81, 89, 96,102,109, +109 кг.
Кыз-келиндер арасында: 45, 49, 55, 59, 64, 71, 76, 81, 87, +87кг
Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча Дүйнөнүн 4, Европанын 2 жолку чемпиону, Москва-1980 Олимпиадасынын жеңүүчүсү, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери Каныбек Осмоналиев бүгүн, 19-ноябрда 65 жашка толду. Андыктан каалоочулардын баарын Каныбек агабыздын мааракелик мелдешине чакырабыз! Келип чоюн билек балбандардын кызуу таймашына күбө болуп кетиңиздер! Кирүү акысыз.