Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Апрель 2020
02
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Эл аралык форумга катышкан кыргыз делегациясынын өкүлдөрү журналисттер менен жолугушту
Башкалар27-октябрь 2015-жыл, вторник. 21:07

Эл аралык форумга катышкан кыргыз делегациясынын өкүлдөрү журналисттер менен жолугушту

Эске салсак, 20-октябрда Новосибирск шаарында Россия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка бир катар мамлекеттердин спорт коомчулугунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Эл аралык форум болуп өткөн. Ага биздин өлкөдөн Москва Олимпиадасынын чемпиону, учурда оор атлетика, жеңил атлетика жана бокс боюнча Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөрдүн республикалык спорт мектебин жетектеп турган Каныбек Осмоналиев, "ТОП.kg" гезитинин жана анын сайтынын (www.topsport.kg) негиздөөчүсү Динара Орозбаева, Корея-2014 Азия оюндарынын коло медалчысы мушкер Турат Осмонов жана "ТОП.kg" гезитинин Өнүктүрүү директору Ольга Шен катышып келди. Жолугушууда аталган спорт ишмерлери Новосибирсктеги форум тууралуу кенен айтып беришти. Каныбек Осмоналиевдин айтымында, аталган иш-чара 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада боюнча жагымдуу эскерүүлөрдү жаратты. "Москва Олимпиадасына 35 жыл толуптур. Андыктан ошол жылы ийгилик жараткан 8 кыргызстандык олимпиадачылар жөнүндө айтып бердим. Негизи бул саамалыктын саясий мааниси бар. Акыркы мезгилде түрдүү саясий иш-чаралардан улам спортчулар мелдештерге катыша албай же бойкот жарыяланып калууда. Ошого байланыштуу Александр Карелин баштаган Олимпиада чемпиондору 21-октябрда Москвада Россиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өткөн I Бүткүл дүйнөлүк Олимпиадалык форумдун делегаттарына кайрылуу жолдодук. Жалпысынан серепчилердин катышуусундагы саамалык жемиштүү болду деп эсептейм",- деп белгиледи Каныбек Осмоналиевич.

Динара Орозбаева "Кыргызстандагы спорт жана дене тарбия бүгүн: маселелери жана аны чечүүнүн жолдору" деген темада доклад жасаганын маалымдады. Динара айым белгилегендей, доклад коңшу өлкөлөрдүн спорт адистеринин кызыгуусун жараткан. "Чынында менин докладым талкууну жаратты. Көптөгөн маселелер боюнча пикир алыштык. Ошондой эле мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, докладды даярдоодо көмөк көргөзгөн Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Болот Жакинбаевич Мотукеевге ыраазычылык билдирем",- деди Динара Орозбаева.

Ал эми келечектен Турат Осмонов Россияга болгон сапар анын дүйнө таанымына чоң пайда алып келгенин билдирди. "Новосибирсктеги Эл аралык жыйынга катышуум мен үчүн күтүүсүз болду. Ал жакта даңазалуу спотчулар менен жолугуп, баарлаштым. Мен көп эле Эл аралык мелдештерге катышып жүрөм. Бирок мындай форматтагы иш-чарага биринчи жолу катышып жатам. Эл алдына чыгып сүйлөп, тажрыйба алдым. Жеке мен үчүн Новосибирскиге сапарым абдан пайдалуу болду. Андыктан мага ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берген "ТОП.kg" гезитинин жетекчилигине ыраазычылык билдирем",- деп кошумчалады келечектен көптү үмүттөндүргөн мушкер.