Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Жаныбек Эсеналиев: “КТРКнын максаты – чыгармачыл чөйрөнү сергек жашоого үндөө”
Башкалар07-ноябрь 2018-жыл, среда. 18:23

Жаныбек Эсеналиев: “КТРКнын максаты – чыгармачыл чөйрөнү сергек жашоого үндөө”

- Жаныбек ага алгач КТРКнын маарекеси тууралуу маалымат бере кетсеңиз?
- КТРК көп жылдан бери спорт тармагына өзгөчө көңүл буруп келет. Бизде 8-ноябрь майрам катарында каралып спорттун теннис, футбол, шахмат жана башка түрлөрү боюнча жыл сайын ички турнирлер өтүп турат. Быйыл КТРКнын 60 жылдык мааракесине карата масштабды кеңейтип ар түрдүү ММКнын өкүлдөрүнүн жана КТРК менен иштешип жүргөн өнөр адамдарынын катышуусунда жогорку деңгээлде уюштуралы деп жатабыз. Жылдын башында мааракеге спорттун тогуз түрүн камтыганбыз. Тилекке каршы ал көп суммадагы каражатты талап кылгандыктан кыскартып төрт гана түрүн калтырганга туура келди. Эң негизги максатыбыз – КТРКнын 60 жылдыгын даңазалоо менен бирге эле чыгармачыл чөйрөнү сергек жашоого үндөө.

- Ошондо спорттук мелдештер кайсы спорт түрлөрү боюнча жана кандай шартта өткөрүлмөй болду?
- Мелдеш 17-18-ноябрь күндөрү футбол, стол үстүндөгү теннис, бильярд жана шахмат боюнча жүргүзүлөт. Спорттун бул түрлөрүн тандап алганыбыздын да жүйөөлүү себептери бар. Аталган спорт менен өзүбүздүн кызматкерлер тынымсыз алектенип турушат. 30га жакын бала атайын спорт залдарга барып машыгып турабыз, айрымдары жер төлөбүздө жайгашкан стол үстүндөгү теннисти бош убактыларында ойносо, кээ бири жумуштан сырткары мезгилин бильярдга жумшайт. Ал эми шахмат биздин жамаатта курч мүнөзгө ээ. Аны аябай кызыгуу менен ойношот. Белгилей кетчү нерсе, катышуучуларга болгон эң негизги талабыбыз – кайсы гана теле, радио, сайттан келбесин, аталган жердин кызматкери болуш керек. Чын эле айтылган даректин кызматкериби же жокпу, ушул боюнча бизде тыкыр текшерүү болот.

- Катышам дегендерди байгелери боюнча суроо кызыктырып атса керек?
- Салтка айлангандай эле алдыңкы 3 орунду ээлегендерге алтын, күмүш жана коло медалдар, ошондой эле ардак грамота менен дипломдор иапшырылат. Мындан тышкары кызыктыруучу акчалай байгелер да бар. 1-орунга 10 миң, 2-орунга 7 миң жана 3-орунга 5 миң сом сыйлыктар бекитилүүдө.

- Анан өзүңүз тууралуу кеп кылсаңыз, кайсы жакта туулуп өскөнсүз? Кесибиңиз боюнча кимсиз? Кыргыз радиосуна кантип келип калгансыз?
- Өзүм Нарын облусунун Ак талаа районуна караштуу Баетов айылынын кулуну болом. 1995-жылы орто мектепти бүтүп, КУУнун журналистика факультетине тапшырам деп максат коюп келгем. Бирок документим туура келбей Математика факультетине тапшыргам. Кесибим боюнча математик болсом да, жан дүйнөм журналистикага тартып туруп алды. Анан телевидениеге барып, ошол учурдагы мыкты журналисттерге жардамчы болуп иштеп жүрдүм. Ал эми Кыргыз радиосуна 2005-жылы Канат Иманалиев деген журналисттин чакыруусу менен келип калгам. Мындан тышкары спорт менен досмун. Футбол жана теннис менен алектенем. Журналисттер арасында өткөн мелдештерде бир нече жолу жеңишке жеткем.

- Басма сөз каражаттарынын өкүлдөрүн бүгүнкү майрамы менен куттуктап кетсеңиз болот...
- Баардык журналисттердин бүгүнкү майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Алардын иштерине ийгилик, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, абийирди бийик тутуусун каалайм. Эмне иш жасап жатса, ошонун акыбети кайтып келет деп ишенем.

- Маегиңизге рахмат! Иштериңизге албан-албан ийгиликтерди каалайм!