Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Журналисттер шахмат ойноп таймашышты
Башкалар06-ноябрь 2018-жыл, вторник. 00:04

Журналисттер шахмат ойноп таймашышты

Мелдешти Sputnik Кыргызстан агенттигинин жетекчиси Елена Череменина жана Кыргызстандын жаштар арасында шахмат боюнча 7 жолку чемпиону Диана Өмүрбекова ачып беришти. Оюнга КТРК Спорт, КТРК, СТВ, “Пирамида”, ЭлТР, “Мир” телеканалдарынан, “Азия Ньюс”, “Комсомольская правда”, “Жибек жолу”, “Спутник” редакцияларынан жана «Манас” радиосунан болуп, 18 талапкер катышып, кызуу акыл чайнаш орун алды. Таймаштын жүрүшүндө ММК өкүлдөрү акылы жактан гана тирешпестен, кесиптештер ортосундагы ынтымак дагы бир жолу чыңдалды.

Таймаш 7 турдан туруп, ФИДЕнин эрежелерине ылайык өттү. Жыйынтыгында 3 алдыңкы орунду ээлеген оюнчулар аныкталып, жеңишти “Комсомольская правда” редакциясынын журналистти Ажыматов Чыңгыз багындырды. Экинчи орунду КТРКнын өкүлү Канай Аламанов камсыздаса, байгелүү үчүндү орунга “Азия Ньюс” аксакал журналисти Сурат Жылкычиев илинди. Алдыңкы орунду ээлеген оюнчулар үчүн диплом жана атайын белектер ыйгарылды. Мындан тышкары катышуучулар иш-чаранын аягында Диана Өмүрбекова менен күч сынашып көрүштү.

Уюштуруучулардын айтуусунда, мындай мелдеш эми жыл сайын өткөрүлүп турмакчы. Журналисттердин отросундагы достук мамилени чыңдоо – бул саамалыктын негизги максаты болгондуктан, кийинки оюндар жеңип алган редакцияларга өткөрүлүп берилиши ыктымал. Жалпысынан катышуучулар бүгүнкү таймаш жогорку деңгээлде өткөнүн белгилешти.

Ал эми мелдештин жеңүүчүсү Чыңгыз мырза төмөнкүчө ой бөлүштү:

- Бүгүнкү оюнга катышканым үчүн кубанычтамын. Мындай турнирлер бат-бат өткөрүлүп турса жакшы болмок. Уюштуруучуларга чоң рахмат! Шахматты бала кезимден ойноп келем. Ошентсе да бүгүн мага ийгилик жылмайды десем болот.

Фото: Sputnik Кыргызстан