Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды
Улуттук түрлөрү29-октябрь 2018-жыл, понедельник. 22:06

Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу старт алды

Буга чейин кабарлангандай, көк бөрү боюнча чемпиондук үчүн 9 команда ат салышат: ар бир облустун жана Бишкек менен Ош шаарынын курама командалары. Бул командалар 3 тайпага бөлүнүп таймашууда. Бүгүн, тайпалык оюндардын 1-туру өткөрүлдү. Оюн натыйжалары менен төмөндө кененирээк таанышып алсаңыздар болот.

Белгилей кетсек, жеңип чыккан команданын оюнчуларына Спорт чебери наамы тапшырылат. Эске салсак, акыркы жолу облустар менен борбор шаарлардын курама командаларынын республикалык мелдеши 2013-жылы Манас оюндарынын алкагында уюштурулган эле.

“А” тайпасы: Чүй облусу, Ош шаары, Бишкек шаары

“В” тайпасы: Ош облусу, Жалал-Абад облусу, Нарын облусу

“С” тайпасы: Талас облусу, Баткен облусу, Ысык-Көл облусу

1-тур, 29-октябрь

Чүй облусу – Бишкек 10:3

Ош облусу – Жалал-Абад 4:1

Талас облусу – Баткен облусу 16:1

2-тур, 30-октябрь

Бишкек – Ош

Жалал-Абад облусу – Нарын облусу

Баткен облусу – Ысык-Көл облусу.

Аталган иш-чаранын алкагында көк бөрүдөн тышкары эр эңиш жана ат жарыш боюнча да мелдештер өткөрүлөт.