Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
24
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Кыргыз грэпплинг чеберлери Дүйнө чемпиону аталышты
Башкалар29-октябрь 2018-жыл, понедельник. 21:51

Кыргыз грэпплинг чеберлери Дүйнө чемпиону аталышты

Грэпплингдин IGF версиясы боюнча Дүйнө биринчилиги Вильнюс шаарында (Литва) кечээ, 28-октябрда жыйынтыкталды. Анда кыргыздын намысын 2 спортчубуз талашып, экөө тең ийгиликке жетишти.

Мирлан Асеков 76 кг салмакта таймашып, баш-аягы 3 кармаш өткөрүп, баарын жеңүү менен чемпион аталды. Белгилей кетсек, М. Асеков ММА дүйнөсүндө “Монгол” каймана аты менен белгилүү.

Мындан тышкары бул мелдеште ардагер чеберлер арасында да мелдеш орун алып, кыргызстандык белгилүү машыктыруучу Айбек Арсымбаев 66 кг салмакта чемпион аталып, кыргыздын туусун бийик желбиретти.