Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Жоламан Шаршенбеков – Дүйнөнүн вице-чемпиону
Күрөш27-октябрь 2018-жыл, суббота. 00:24

Жоламан Шаршенбеков – Дүйнөнүн вице-чемпиону

55 кг салмакта таймашкан Жоламан Шаршенбеков кечээ, 25-октябрда финалга карай 3 беттеш өткөрүп, укмуштуудай натыйжага жетишкен. Алгач ал чейрек финалда кореялык Хи Донг Сонду 9:0, андан соң чейрек финалда армениялык Норайр Хокхаянды 11:0 эсебинде тизе бүктүргөн эле. Ал эми жарым финалда студенттер арасында Дүйнө чемпиону түркиялык Экрем Озтүрктүн айласын тапкан – 9:0! Өзүңүздөр күбө болгондой атаандаштарына 1 да упай берген эмес!

Бүгүн, 26-октябрда финалда өзүнөн бир топ тажрыйбалуу азербайжандык балбан Элданиз Азизли менен кармашка түшүп, тилекке каршы жеңилүүгө аргасыз болду (13:0). Чынында 2-орун 19 жаштагы Дүйнө чемпионатынын дебютанты үчүн болуп көрбөгөндөй жетишкендик. Буга чейин эгемендик мезгилинде кыргыз балбандары 8 медаль утуп алган – 1 күмүш жана 7 коло. Жалгыз күмүштү 2006-жылы Канат Бегалиев алып берсе, коло медалдарга түрдүү жылдары Кенжебек Өмүралиев, Ратбек Санатбаев, Алексей Крупняков, Базар Базаргуруев, Данияр Көбөнов жана Эламан Догдурбек уулу илинишкен. Ошентип, Жоламан Шаршенбеков кыргыз элине Дүйнө чемпиондуктарындагы 9-медалды жеңип берди!