Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Алгачкы медалды Жоламан Шаршенбеков тартуулады
Күрөш25-октябрь 2018-жыл, четверг. 23:07

Алгачкы медалды Жоламан Шаршенбеков тартуулады

55 кг салмакта таймашкан Жоламан Шаршенбеков укмуштуудай түрдө финалга чыга алды. Ал финалга карай 3 кармаш өткөрүп, атаандаштарына 1 да упай берген жок! Алгач ал чейрек финалда кореялык Хи Донг Сонду 9:0, андан соң чейрек финалда армениялык Норайр Хакоянды 11:0 эсебинде тизе бүктүрдү. Ал эми жарым финалда студенттер арасында Дүйнө чемпиону түркиялык Экрем Озтүртүн айласын тапты – 9:0! Эми 19 жаштагы Жоламан чемпиондук үчүн финалда эртең, 25-октябрда 27 жаштагы азербайжандык балбан, Европанын чемпиону Элданиз Азизли менен күч сынашат.

63 кг салмакта Урмат Аматов күрөштү жарым чейрек финалдан баштады. Алгач сербиялык Томас Недди 9:0 эсебинде жеңип алды. Бирок чейрек финалда украиналык Ленур Темировго 8:5 эсебинде жеңилүүгө аргасыз болуп, медалдар үчүн таймаштан четтеп калды.

82 кг салмакта Атабек Азисбеков да ийгиликтүү күрөш жүргүзө алды. Алгач жарым чейрек финалда Жунжи Наны 7:6 эсебинде утту. Чейрек финалда германиялык Роланд Шварцка мүмкүнчүлүк берген жок – 8:2. Тилекке каршы финалдын жолдомосу үчүн үй ээси болгон венгр спортчусу Петер Башиге жеңилип (12:4), коло медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду.

Кошумчалай кетсек, эртең Дүйнө чемпиондугунун алкагында чемпиондук күрөшкө Калы Сулайманов (60 кг), Амантур Исмаилов ( 67) жана Кайрат Түгөлбаевдер (77) кошулмакчы.