Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Эркин күрөшчүлөр Дүйнө чемпиондугун медалсыз жыйынтыкташты
Күрөш23-октябрь 2018-жыл, вторник. 13:05

Эркин күрөшчүлөр Дүйнө чемпиондугун медалсыз жыйынтыкташты

61 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков тандап алуу таймашында монголиялык Тувшинтулга Туменбилегке жеңилип, Дүйнө чемпиону болуу кыялы менен коштошууга аргасыз болсо, 70 кг салмакта Эламан Догдурбек уулу чейрек финалда чегинди. Жарым чейрек финалда түркмөнстандык Батыр Борьяковду жеңип алган (10:0) спортчубуз чейрек финалда украиналык Андрей Квятковскийден жеңилүү ызасын тартып калды. Ал эми мурда кабарлангандай, 97 кг салмакта мелдешке катышуусу күтүлүп жаткан дагы 1 спортчубуз Магомед Мусаев килемге чыккан жок. Мунун себеби азырынча айтыла элек.

Ошентип, эркин күрөшчүлөрүбүз Дүйнө чемпиондугун медалсыз аякташты. Бүгүн, 23-октябрда кыз-келиндер арасында таймаштар башталат. Анда кыргыздын намысын Мээрим Жуманазарова (68 кг) менен Айпери Медет кызы (76) коргошот.