Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ошто ат оюндары өтөт
Улуттук түрлөрү17-октябрь 2018-жыл, среда. 15:39

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата Ошто ат оюндары өтөт

Көк бөрү боюнча мелдешке 9 команда катышат: ар бир облустун жана Бишкек менен Ош шаарынын курама командалары. Жеңип чыккан команданын оюнчуларына Спорт чебери наамы тапшырылат. Эске салсак, акыркы жолу облустар менен борбор шаарлардын курама командаларынын республикалык мелдеши 2013-жылы Манас оюндарынын алкагында уюштурулган эле.

Эр эңиш боюнча чемпиондук 5 салмак категориясында өткөрүлмөй болду: 60, 70, 80, 90 жана 90дон жогорку салмактагылар арасында. Командалардын курамында 5 спортчу жана 1ден машыктыруучу менен калыс болуусу шарт. Бир салмакта таймашка ар бир командадан 1ден гана спортчу катыша алат. Эр эңиш боюнча да жеңүүчүлөр КРнын Спорт чебери наамына ээ болушат.

Ал эми ат жарыш төмөнкү аралыктарда өтөт:

Ат чабыш – 20 000 метр

Тай чабыш – 5 000 метр

Кунан чабыш – 11 000 метр

Жорго салыш – 9 000 метр.

Мында ат чабыш менен жорго салыштын гана женүүчүлөрүнө Спорт чебери наамдарын ыйгаруу каралган. Белгилей кетсек, бул Өлкө чемпиондугунун уюштуруучусу болуп КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги саналат.