Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
19
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна 11 балбаныбыз аттанды
Күрөш16-октябрь 2018-жыл, вторник. 15:43

Күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна 11 балбаныбыз аттанды

Маалыматка ылайык, Венгриянын Будапешт шаарында өтчү абройлуу мелдешке 11 балбаныбыз аттанат. Алсак, эркин күрөш боюнча 3, кыз-келиндер арасында 2 жана грек-рим күрөшү боюнча таймаштарда өлкөбүздүн намысын 6 балбаныбыз коргомой болду. Чемпиондуктун алкагында алгач 20-23-октябрь аралыгында эркин күрөш боюнча мелдеш өтөт. Андан соң 23-25-октябрь күндөрү килемде өз өнөрлөрүн балбан кыздар көрсөтүшсө, 25-28-октябрда грек-рим күрөш боюнча таймаштар чемпиондукту жыйынтыктайт.

Дүйнө чемпиондугуна спортчуларыбыздын катышуусун камсыздоого Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча Дирекциясы тарабынан 2 миллион 527 миң сом бөлүнгөн. Дүйнө чемпиондугуна Кыргызстандын курамы төмөнкүчө болду:

Эркин күрөш

Улук Жолдошбеков, Эл аралык класстагы спорт чебери, 61 кг

Эламан Догтурбек уулу, Эл аралык класстагы спорт чебери, 70 кг

Магомед Мусаев, Эл аралык класстагы спорт чебери, 97 кг

Кыз-келиндер күрөшү

Мээрим Жуманазарова, Эл аралык класстагы спорт чебери, 68 кг

Айпери Медет кызы, Эл аралык класстагы спорт чебери, 76 кг

Грек-рим күрөшү

Жоламан Шаршенбеков, Эл аралык класстагы спорт чебери, 55

Калы Сулайманов, Эл аралык класстагы спорт чебери, 60 кг

Урмат Аматов, Эл аралык класстагы спорт чебери, 63 кг

Амантур Исмаилов, Эл аралык класстагы спорт чебери, 67

Кайрат Түгөлбаев, Спорт чебери, 77 кг

Атабек Азисбеков, Эл аралык класстагы спорт чебери, 82 кг.