Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Рафаэль Физиевден масстер-класс
Бокс/MMA28-сентябрь 2018-жыл, пятница. 21:42

Рафаэль Физиевден масстер-класс

Белгилүү болгондой, Рафаэль Физиев ММА дүйнөсүндө жанып келаткан жаркын жылдыздардын бири. Кесиптештери анын тайманбастыгы менен өжөрлүгүн баса белгилешет. Учурда мекендешибиз Таиланддагы Must Thai & MMA Training Camp агенттегинде машыгууларын өткөрүп, таржрыйба арттырып келет.

Кечээ орун алган жолугушуунун алкагында Рафаэль Физиев чогулган жаш спортчуларга таймашты алып баруу боюнча түрдүү ыкмалар менен чеберчиликтерди көрсөтүп, пайдалуу кеңештерди да берди. “Абалды ар дайым көзөмөлдөп тургула. Атаандашыңдын планын окуп билип, 1 кадам алдыда болушуң керек. ММАны алсак, мында ийгиликке жетишүү үчүн аталган спорт түрүнүн ийне-жибине чейин сүнгүп кирүү абзел. Анан албетте өз мушташуу ыкмаңды иштеп чыгуу шарт. Бул өзгөчө машыктыруучулар үчүн абдан маанилүү”,- деди ал.

Иш-чараны уюштурууга КРнын Тай бокс федерациясы менен Pride Team клубу көмөктөштү.