Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Сентябрь 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
САВАЙ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ АЙЫЛДАР АРАЛЫК ФУТБОЛ МЕЛДЕШИН ӨТКӨРДҮ
Футбол03-май 2018-жыл, четверг. 18:37

САВАЙ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ АЙЫЛДАР АРАЛЫК ФУТБОЛ МЕЛДЕШИН ӨТКӨРДҮ

27-28-апрель күндөрү Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтү айылдар арасында футбол мелдешин өткөрдү. Футболду тогуз айыл, “Ынтымак” чек ара заставасынын кызматкерлери жана айылдык кеңештин депутаттарына түзүлгөн 14 команда ойноду. Футболдук мелдеш үч жылдан бери өтүп келет. Байге фонду 50 миң сом. Савай айыл өкмөтү спортту өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, айылдын спортчулары жылдын-жылга эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды багынтып келүүдө. Алсак, өткөн жылы айыл өкмөт заманбап спорт залын курган. Азыр спорт залда келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчулар машыгып жатат.

 

МУНАР САЙПИДИНОВ, Савай айыл өкмөтү: “Футболдук мелдеш үч жылдан бери өтүп келет. Салтка айланып калды. Максатыбыз – жаштарды жаман жолдон оолактатуу. Өткөн жылы 6 команда ойногон, бул жылы командалардын саны 14кө жетти. Кийинки жылы ушул эле оюнду райондор аралык деңгээлге көтөрөлү деген пландарыбыз бар”.

 

Жеңүүчүлөр:

 

1-орун

Курбан-Кара айылы

30 миң сом

2-орун

Кең-Сай айылы

20 миң сом

3-орун

Кыдыршаа айылы

10 миң сом

 

Жеңүүчүлөр баалуу белектер жана ардак баракчалар менен сыйланышты.

 

Савай айыл өкмөтүндө 26 миң калк жашайт.