Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
ЭР УРУШТУН ЭРЕНДЕРИ 1-МАЙДА МАЙДАНДАН ЖОЛУГУШАТ
Бокс/MMA25-апрель 2018-жыл, среда. 20:03

ЭР УРУШТУН ЭРЕНДЕРИ 1-МАЙДА МАЙДАНДАН ЖОЛУГУШАТ

1-майда Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында эл аралык Панкратион (WEF) боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу биздин сайтка аталган уюмдун уюштуруучусу Абдырахман Эрмекбаев билдирди. Мелдеш бир гана күн өтүп, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары 7 салмактык категорияда беттешет. Эрмекбаев билдиргендей, Ак-Жардын кубогу экинчи ирет уюштурулуп жаткандыктан, быйыл иш-чара бир катар өзгөчөлүктөр менен өтөт. Мелдеште жеңишке жеткен балбандарга ардак грамота жана акчалай сыйлыктар берилет. Ал эми 66,70 жана 77 кг салмакта күч сынашып, уткандарга бел курлар тапшырылат.

Быйылкы өтө турчу мелдеш “Аймактарды өнүктүрүү жылына” арналат. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара жаш спортчуларды колдоо максатында салттуу түрдө жыл сайын өтүп турат. Ошондой эле, турнирге спортто чоң ийгиликке жеткендер жана бийлик өкүлдөрүнүн келиши да күтүлүүдө.