Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Август 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Баяман Эркинбаевдин кезектеги мелдеши өттү
Футбол19-март 2018-жыл, понедельник. 22:47

Баяман Эркинбаевдин кезектеги мелдеши өттү

Мелдеш Баяман Эркинбаевдин туугандарынын, Алыш федерациясынын жана улуттук спорт түрлөрү боюнча Мамлекеттик дирекциясынын колдоосу менен жыл сайын ишке ашырылып келет. Быйыл ага 15 мамлекеттин спорт чеберлери келип катышты. Уюштуруучулардын айтымында, иш-чараны Баяман Эркинбаевдин туулган күнү менен дал келтиришкен. Андан тышкары айта кетчү нерсе, алыш күрөшү олимпиада оюндарына кирерине бир гана кадам калды. Күрөштөн тышкары мелдеш концерттик программа менен коштолду. Аялдар арасында Кыргызстандын атынан чыккан Мамарасул кызы Алтынай жана Нагира Сарбашева Кыргызстандын чөнтөгүнө дагы бир жеңиш алып келишти. Ал эми эркектер арасында Мырзабек Кочкоров, Чынгыз Чалабаев жана Кадыр Келсинбеков Кыргызстандын желегин желбиретишти. Кызуу мелдеш банкет менен аяктады.

Аялдар арасында жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

55 кг арасында

Мансира Муйдинова (Өзбекстан)

60 кг арасында

Гулкуморой Дадабоева (Өзбекстан)

65 кг арасында

Бактияр кызы Нурзат (Кыргызстан)

70 кг арасында

Перизат Шакыпбекова (Казакстан)

75 кг арасында

Мамарасул кызы Алтынай (Кыргызстан)

75+ кг арасында

Нагира Сарбашева (Кыргызстан)

Эркектер арасында жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

60 кг арасында

Мардонбек Кимсанбоев (Өзбекстан)

70 кг арасында

Хуснидин Рузиев (Өзбекстан)

80 кг арасында

Мырзабек Кочкоров (Кыргызстан)

90 кг арасында

Чынгыз Чалабаев (Кыргызстан)

100 кг арасында

Кадыр Келсинбеков (Кыргызстан)

100+ кг арасында

Голид Ахмедов (Өзбекстан)

Алыш күрөшү федерациясынын президенти Акылбек Эшимов:

- Баяман Эркинбаевдин Гран-Приси салтка айланып калды. Быйыл жыйынтык жакшы: кыз-келиндер арасында да, эркектер арасында да 3төн алтын медалга ээ болдук. Өзүңүздөр күбө болдуңуздар, Өзбекстан менен аябай тирештик. Дагы бир өзгөчөлүгү жаңы спортчуларды чыгардык. Бардык облустарыбыздан балбандар келип катышышты.