Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Азиянын чемпиону спорттук карьерасын аяктады
Күрөш03-январь 2018-жыл, среда. 17:26

Азиянын чемпиону спорттук карьерасын аяктады

Атай Замирбекович Койчукулов 1986-жылы 21-мартта Талас облусунда туулуп-өскөн. 2000-жылы Бишкектеги Олимпиадалык резервдеги республикалык училищеге тапшырып, чоң спортко жолун ачкан. Алгачкы машыктыруучусу Эсентай Чоноралиев болсо, спорт интернатында Жусуп Калиловдон күрөштүн сырларын үйрөнгөн. 20 жылдык спорт жолунда КРнын 7 жолку чемпиону, юниорлор арасында Азия чемпиону (2006), чоңдор арасында Азия чемпионатынын байге ээси (2012) жана башка бир катар Эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болууга жетишти.

Балбан өзү спорттук жолу тууралуу төмөнүчө ой бөлүштү: "Күрөш - менин жашоом. Тынымсыз машыгуулар, жеңиш жана жеңилүүлөр, жеңиш кубанычы жана жеңилүү ызасы - булардын баары мага үмүт жана күч-кубат берчү. Жеңишке жетип, Кыргызстандын Гимни жаңырганда өзгөчө бактылуу болчумун. Спорттон көп дос таптым, эл көрдүм, жер көрдүм. Күрөшкө 20 жылдык өмүрүмдү бергениме эч качан өкүнбөйм. Бул жылдары мага колдоо көрсөткөн ата-энеме, машыктыруучуларыма, досторума жана жакындарыма ыраазычылык билдирем. Мына менин да спорттон кетүүчү убактым келди. Мындан ары жаштар менен тажрыйба бөлүшүп, өлкөбүздө спорттун өнүгүшүнө колдон келен салымымды кошо бермекчимин".

20 жыл кыргыздын намысын талашып, спортко зор эмгек сиңиргендигиң үчүн сага ыраазычылык билдиребиз! Рахмат сага Атай! Бар бол кыргызымдын баатыры!