Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июнь 2020
03
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
"Sports and Youth Awards-2017"
Башкалар16-декабрь 2017-жыл, суббота. 21:23

"Sports and Youth Awards-2017"

Topsport.kg`нин тандоосу боюнча жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо салтанаты жогоруда аталган Улуттук олимпиада комитети менен Мамлекеттик агенттиктин колдоосу астында өтөт. Улуттук олимпиада комитетинин демилгеси менен сөз болуп жаткан иш-чара белгилүү коомдук жана спорт ишмери, КРнын Спорт агенттиги менен Улуттук олимпиада комитетинин экс-жетекчиси, кыргыз спортуна эбегейсиз салым кошкон инсан Мурат Саралиновго арналмай болду. Ошондой эле Мурат Саралиновдун атындагы сыйлык негизделип, анда жеңип чыккан спортчулар 1000 доллардан акчалай сыйлык алышат. Белгилей кетчү нерсе, мындай сыйлыкка спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча гана ийгилик жараткан 2 спортчу ээ болот: мыкты эркек спортчу жана мыкты айым спортчу.  

Үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Спорт агенттигинин сунушу менен сыйлыктын программасына жаштар саясаты тармагында да номинациядар кошулду. Ушуга байланыштуу саамалыктын аты "Sports and Youth Awards-2017" деп өзгөртүлдү.

Сыйлыктын Жобосуна ылайык, жеңүүчүлөр төмөнкү номинациялар боюнча аныкталмай болду:

Улуттук спорт түрлөрү:

Улуттук спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу;
Улуттук спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу айым;
Улуттук спорт түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу.

Олимпиадалык спорт түрлөрү:

Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу;
Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу айым;
Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу.

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү:

Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу;
Олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча Мыкты машыктыруучу.

Ошондой эле:

Мыкты волейболчу;
Мыкты футболчу;
Мыкты ММА чебери;
Мыкты грэпплинг чебери.

Жеңүүчүнү Уюштуруу комитети аныктоочу номинациялар:

Паралимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу;
Сурдлимпиадалык спорт түрлөрү боюнча Мыкты спортчу;
Мыкты федерация;
Жыл жаңырыгы;
Улуттук спортту чет жерлерде жайылткандыгы жана өнүктүргөндүгү үчүн;
Массалык спорт түрлөрүн жайылтып, өнүктүргөндүгү үчүн;
Жылдын меценаты;
Мыкты спорттук курулуш;
Келечектен көптү үмүттөндүргөн спортчу;
Сыйлыктын негиздөөчүсүнүн атайын сыйлыгы.

Жаштар саясаты тармагындагы номинациялар:

Мыкты жаштар уюму;
Мыкты проект;
Мыкты машыктыруучу.

Интернет добуш берүү 15-декабрда www.topsport.kg сайтында, ошондой эле анын Instagram жана Facebook`тагы аккаунтарында старт алды. Эске салсак, "Sports and Youth Awards-2017" 2018-жылдын 20-январында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.