Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Sports Awards-2017: "Мыкты футболчу" наамына Ахмедов, Дүйшөбеков жана Майер талапкер болду
Футбол14-декабрь 2017-жыл, четверг. 01:48

Sports Awards-2017: "Мыкты футболчу" наамына Ахмедов, Дүйшөбеков жана Майер талапкер болду

Футбол боюнча "Жылдын мыкты спортчусу" наамына жарым коргоочу Муролим Ахмедов, жарым коргоочу Бахтияр Дүйшөбеков жана коргоочу Виктор Майер талапкер болушту.

Муролим Ахмедов өтүп бараткан жылда "Алай" командасынын курамында Кыргызстандын чемпиону болуп, Суперкубокту утуп, ал эми Кубокто финалга чейин жеткен. Мындан тышкары көргөзгөн мыкты оюнуна байланыштуу Кыргызстандын улуттук курама командасына чакыруу алды.

Бахтияр Дүйшөбеков үчүн быйылкы сезон абдан каныккан жылдардан болду. Ал футбол боюнча КРнын Чемпионаты менен кубогу жана улуттук курама командада Азия Кубогунун тандап алуу оюндарынан тышкары КРнын 23 жашка чейинки Жаштар курама командасында Азия чемпионатынын тандап алуу оюндарында күчүн сынап көрдү. Жакында Цунами Кубогунда жеңүүчү аталды. "Абдыш-Атанын" курамында Өлкөбүздүн вице-чемпиону болгонун кошумчалап кетели.

Ал эми чет жерде ойногон легионерлерибиздин ичинен бул жылы баарынан мыкты сезонду Виктор Майер өткөрүп жатат десек жаңылышпайбыз. Ал деңгээли жактан башкаларга салыштырмалуу эң бийик Лигада (Германиянын 4-лигасы, ФК "Виденбрюк") стабилдүү оюн көрсөтүп келет. Анын командасы ушул тапта 3-орунду ээлеп турат. Виктор курама команданы да алга сүйрөп келет. Буга далил катары Макао менен коноктогу оюнда коргоочу болгонуна карабастан пенальти иштегенин жана гол жаратканын айтсак болот.

Кошумчалай кетсек, мыктыларды аныктоо 2 жол менен өткөрүлөт. Алгач добуш берүү topsport.kg сайтында жана анын Инстаграмдагы менен Фэйсбуктагы баракчаларында орун алат. Добуш берүү 15-декабрда старт алмакчы. Мыктыларды аныктоодо бүткүл элдик добуш берүүдөн тышкары Эксперттик Комиссия чогулуп, мыктыларды аныктоодо Комиссия мүчөлөрү да өз добуштарын кошушат. Ал эми спортчуларды сыйлоо SPORTS AWARDS-2017 иш-чарасы 2018-жылдын 20-январында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.