Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июнь 2020
03
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
"Айат Чебер Group" – "Sports Awards-2017`нин" Расмий Техникалык Өнөктөшү
Башкалар17-ноябрь 2017-жыл, пятница. 22:39

"Айат Чебер Group" – "Sports Awards-2017`нин" Расмий Техникалык Өнөктөшү

Макулдашууга ылайык, "Айат Чебер Group" 20 номинация боюнча эеңип чыккан спорт чеберлерине "Баатыр" статуэткаларын жасап берет. Маалымат үчүн айта кетсек, аталган мекеме кыргыз жергесинде жаңыча ыкма жана заманбап технологиялар менен ири спорттук иш-чаралардын сыйлыктарын жасап берген алдыңкы кыргыз кол өнөрчүлүгү болуп эсептелет. Эң негизгиси анын продукциялары ондогон Эл аралык мелдештерге тарап, "Made in Kyrgyzstan" белгиси менен чыгарылат. Кызматташуу тууралуу компаниянын президенти, спортко кайдигер карабаган жаш ишкер Кубаныч Аманбеков төмөнкүчө ой бөлүштү: "Биз кыргыз спортуна кызмат кылам, өнүгүшүнө салым кошом дегендер менен иштешүүгө дайым даярбыз. "Sports Awards" салтанаты спортчуларыбызды шыктандырат. Андыктан кызматташуубуз эки тараптуу жагымдуу жана эң башкысы кыргыз спортуна пайдалуу болот деген үмүттөмүн".

Кошумчадай кетсек, "Sports Awards-2017" иш-чарасы 2018-жылдын 20-январында Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.