Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Октябрь 2019
16
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
КҮРӨШТӨ ОШ ТАЙПАСЫ АЛДЫДА
Күрөш12-октябрь 2017-жыл, четверг. 12:11

КҮРӨШТӨ ОШ ТАЙПАСЫ АЛДЫДА

Ошто бир тууган Абитовдордун жаркын элесине арналган күрөш боюнча эл аралык турнир өттү. Мелдешке Орусия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 7 дубанынан 200дөн ашык спортчулар катышты. Бул жолу жеңүүчүлөргө “Ысмайыл ата Матраимов” фондунан баалуу белектер тапшырылды. Алдыңкы орунду камсыздагандар сыналгы, диплом жана кубоктор менен сыйланышты. Ал эми Орусия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген спортчулардын машыктыруучуларына сый белгиси катары кол телефондор берилди. Беттешти Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурган.

ДҮЙШӨН ТӨРӨКУЛОВ – ЖК депутаты: “СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучуларын эскерип туруу максатында алгач 2011-жылы атайын мелдеш уюштурган элек. 6 жылдан бери кошуна мамлекеттер менен жолугуп, күч сынашып келатабыз. Бир тарабынан мелдештин элдердин достугуна жана биримдигине кошкон салымы чоң. Ал эми Кыргызстандын спортчулары мыкты көрсөткүчтү көрсөттү. Эң көп медаль бизде болду”.

Жыйынтыгында, Ош шаары 1-орунду камсыздаса, Өзбекстан 2-орунду алды. Ал эми үчүнчү орунду Тажикстан утуп кетти.

Уюштуруучулар келерки жылы мелдештин масштабын кеңейтип, 10 мамлекеттен спортчуларды чакырып, баш байгеге автоунаа жана чоң суммадагы акчалай сыйлыктарды коюуну пландап жатышат.