Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Июль 2019
17
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
ОШТО ӨТКӨН КӨК БӨРҮ ОЮНУНДА “РАССВЕТ” КОМАНДАСЫ 1-ОРУНДУ АЛДЫ
Улуттук түрлөрү12-октябрь 2017-жыл, четверг. 11:50

ОШТО ӨТКӨН КӨК БӨРҮ ОЮНУНДА “РАССВЕТ” КОМАНДАСЫ 1-ОРУНДУ АЛДЫ

Көк бөрү боюнча достук мелдеш өттү. 4-7-октябрга чейин Оштогу ат майданда “Достук” мелдешине Кыргызстандын 7 облусунан 7 команда катышты. Оюнга “Мөл булак” микрокредиттик компаниясы демөөрчү болуп, баш байгеге 1 миллион сом койгон. Мелдештин жыйынтыгында, Чүй облусунун “Рассвет” командасы 1-орунду багындырды.

1-орун: Чүй облусунун “Рассвет” командасы  -  300 миң сом;

2-орун: Өзгөн районунун “Көлдүк” командасы  -  “Нива” автоунаасы;

3-орун: Ош облусунун курама командасы  -  100 миң сом;

4-орун: Өзгөн районунун “Жалпак-Таш” командасы  -  50 миң сом.

КУРМАНТАЙ АЙТБАЕВ – “Рассвет” командасынын капитаны: “Мөл булак” компаниясы уюштурган мелдешке төртүнчү жолу катышып жатабыз. Жеңишибизге сүйүнүп турабыз. Биздин командада 12 жигит бар. Ийгилигибиздин сыры ынтымакталуугубузда деп айта алам. Анткени, команданын мүчөлөрүнү көздөгөн мүдөөсү бир болсо, бир багытка карай кадам арыштаса, ошондо көптөгөн ийгиликтер болоруна ишенем. Буюрса, ноябрь айында Кыргызстандын чемпиондугуна катышууга даярдык көрүп жатабыз”.

МЫКТЫБЕК ТУТАШОВ – “Достук” командасынын негиздөөчүсү: “Достук мелдешибиз экинчи ирет өтүп жатат. Оюнду уюштуруу иштерине колдоо көрсөткөн Бабур Төлбаевге, ошондой эле Султан, Урмат жана Адылбек деген жигиттерге ыраазычылык айтам. Максатыбыз улуттук оюндарды даңазалоо жана биримдикке чакыруу.