Баннер үчүн орун
 
Датасы боюнча жаңылыктар:
Ноябрь 2019
18
Датасын жана спорт
түрүн тандаңыз →
Каалаган спорт түрүн тандаңыз
Башына
Түштүк райондор арасында волейбол боюнча Ноокат командасы чемпион аталды!
Волейбол05-сентябрь 2017-жыл, вторник. 16:35

Түштүк райондор арасында волейбол боюнча Ноокат командасы чемпион аталды!

Ысмайыл Матраимов атындагы кайрымдуулук фонд уюштурулган волейбол мелдеште жалпысынан 36 команда катышты. Эки күндүк мелдеште Ноокат районунун эки командасы тең чемпиондук тепкичти багынтышты. Оюндун талабына жараша волейбол 40 жашка чейинкилер жана 40 жаштан жогоркулар арасында өттү.

1 орун Ноокат 300 000 сом, 2- орун Өзгөн району , 3 - орун Сузак району 60 000 сом, 4- орун Кадамжай району 30 мин сом менен сыйланышты.

Искендер Матраимов: «Мелдешти өткөрүү үчүн атайын ушул түштүк командаларынан бизге кайрылуу түштү, волейбол мелдешин өткөрүүдө каржы жагын колдоп бергиле деген. Башында спортту көтөрүү максатында сунуш бизге жакты. Бирок эл кандай кабылдайт, мелдешке канча адам келет экен деген ойлор келди. Буюрса эки күндүк спорттук мелдешти ийгиликтүү өткөрүп алдык. Бул мараке быйыл биринчи жолу өтүп жатат, мындан ары салт катары ар бир жыл сайын райондордун мыкты волейбол командаларын аныктайбыз»!

Кылыч Жолдошев: «Буга чейин далай мелдештерди өткөрүп келгенбиз , эгемендикке арналган мелдеш Кыргызстандын биримдигин, достугун чындоого болгон дагы бир баскыч болду. Менин баамымда эл арасында күчтүү оюнчулар, күчтүү командалар дээрлик көп экен. Абдан кызыктуу өттү, буга элдин келип колдоп турганы далил. 40 жаштан жогоркулар арасында Кылыч мырза озү да ойноп командасы менен ийгилик жаратты. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жокмун (күлүп).

Бир эле Ноокат командасы мыкты деп айтуудан алысмын. 36 команданын ичинен суурулуп үч илтикке кирген Өзгөн, Сузак, командаларын да баса белгилеп айтып кетем. Ошондой эле волейболдо мыкты чабуулчу, мыкты коргоочу жана мыкты сүрөөнчү наминациялар аталып 5 миңден 10 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар ыйгарылды. Эске сала кетсек 2017- жылдын эсебинен Ысмайыл Матраимов кайрымдуулук фонду спортту көтөрүү максатында экинчи ирет млн сомдук байге ойнотту! Мындан сырткары түштүк райондордун куралган командасы менен EREM командасы күч сынашып, 100 миң сом байгени райондор аралык курама командасы илип кетти!»